Текебаевдин соттук ишинде мамлекеттик айыптоочу катары катышып келген прокурор өз каалоосу менен кызматтан кетти

Бишкек шаарынын прокурору Кубанычбек Бейшекеев кызматтан кетти. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 21-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шаар прокурору кызматтан кетүү арызын өз каалоосу менен жазып берген.
Ошондой эле Ош, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын да прокурорлору кызматтан алынганы белгилүү болду.
Айта кетсек, Кубанычбек Бейшекеев Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишинде мамлекеттик айыптоочу катары катышып келген.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Экинчи версия прокурор туштон кийин болсо да келечегин ойлоп, акыры ушул кадамга барышы мумкун...
Тан каламын кун батыштан чыгып чыгыштан батат экен деген адамдарга...
Кедей олконун эли саясатчы!
Ежу понятно, тиги ырчажонун заманы бүтүп баратканы. Бүгүн Текебайптын түбүнө жетсе, эртен эле ал чыгып мунун терисин тескери сыйрыбайбы? Сот байкуш кантип атты болду экен? ))