ЖЫЛНААМА, 22-ИЮЛЬ: Коомдук ишмер Шамиль Атаханов 69 жашка толду
1948-жылы 22-июлда коомдук ишмер Шамиль Атаханов Ош облусунун Өзгөн шаарында төрөлгөн. 1971-жылы Фрунзе политехникалык институтунун автоматика жана телемеханика факультетин аяктаган. 1986-жылы Москва шаарындагы ИИМ академиясын укук таануу адистиги боюнча аяктаган. 1991-жылы Москва шаарындагы Бизнес эл аралык мектебин аяктаган.
1971-1972-жылдары “Долбоормонтажавтоматика” МДИ казак бөлүмүнүн инженер-электриги болуп эмгектенген жана 1972-1973-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1973-1984-жылдары Кыргыз ССРинин комсомолдук жана партиялык кызматтарында иштеген.
1984-1986-жылдары СССР ИИМ академиясында окуган.
1986-1987-жылы Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги;
1987-1988-жылдары Кыргызстандын Фрунзе ШК КП администрациялык жана соода-финансылык органдары бөлүмүнүн башчысы;
1988-1991-жылдары Фрунзе шаарынын ИИБинин начальнигинин орун басары, начальниктин милдетин аткаруучу болуп, 1991-2005-жылдары “Интер-Бишкек” ишканасынын башкы директору болгон.
2005-жылдын май айынан 2005-жылдын августуна чейин Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри,
2005-2010-жылдары “Интер-Бишкек” ишканасынын башкы директору болуп иштеген.
Ал Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, УКМКнын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматтарында эмгектенген. Учурда Атаханов мамлекеттик кызматта иштебейт.
22-июлга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.