Бул көйгөйдүн үстүндө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму иштеп, калкка кантип жугуштуу оорунун алдын алуу керектиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле таза суу маселесин чечүү аракеттери да көрүлүүдө. Бирок кенен жайылып кеткен ооруну токтотууга бул аракеттер жетишсиз.
Йеменде калкты жугуштуу оору каптап жатат, 1800 адам каза болду

Йемендеги атышуу, жардыруулардын кесепетинен анын инфраструктурасы, суу менен камсыз кылуу тутуму жана канализациялар бузулган. Чет элдик маалымат булактарынын маалыматына ылайык, учурда Йемен Республикасында 370 миңден ашык адам жугуштуу холера менен ооруп жатат. Күн сайын бул илдетке кабылгандардын саны 5 миңге жетет. Аталган оорудан каза болгондордун саны 1800дөн ашты.
"Холера менен ооругандардын 40 пайызы 15 жашка чейинки балдар. Каза болгондордун үчтөн бир бөлүгү 60 жаштан жогору курактагылар. Йемендиктерде таза суу пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болуп жаткандыктан бул жугуштуу илдет калкты каптап бара жатат", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары жергиликтүү жашоочулар жарытып тамак жебегендиктен баары алсыз. Тамак-аштын жетишсиздигинен 17 миллион йемендик азап чегүүдө. Ал эми медициналык мекемелердин көбү иштебей калган.

Кудайым ОЗУ колдосун йемендиктерди
Кичинемден кантип биздин сууларды ушундай жерлерге жеткирсе болот экен ой,ойуман кетпейт
Суу кордогон кор болоор деген экен илгеркилер.