super.kg logo

Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагында көрүстөндөн жай алуу үчүн эки миң сом төлөм киргизилди

 

Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагында көрүстөндөн жай алуу үчүн эки миң сом төлөм киргизилди. Бул тууралуу маалыматты аталган айыл аймактын башчысы Эркинбек Тойгонбаев SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, эки миң сом төлөм Жаңы-Жол айыл аймагында каттоосу болбогон, коңшу айылдан же башка жактан келген адамдардын сөөгүн жашыруу үчүн гана алынат.

"Биздин айылда “Демилгелүү коом” деген муниципиалдык ишкана түзүлгөн. Ал жактан түшкөн акча ошол ишкана аркылуу, кайра эле ошол көрүстөндөрдү жакшыртууга жумшалат. Бул акчанын биздин айыл өкмөттүн бюджетине бир да пайдасы жок. Бул чечимди жергиликтүү кеңеш кабыл алган. Биз аны туура көрүп аткарып жатабыз", - деди Жаңы-Жол айыл аймагынын башчысы Эркинбек Тойгонбаев.

Аталган айыл аймакта 8 көрүстөн бар. Бул айыл райондун борбору менен чектеш болгондуктан башка айылдан келип Жаңы-Жолдогу көрүстөндөргө сөөк жашыргандардын саны арбын.

"Азыр түрдүү диний агымдар да чыгып жатат. Бир-эки жолу баптисттер коюлган да факт болгон. Ошол үчүн мүрзөлөрдү имам же күзөтчүнүн уруксаты менен гана муниципиалдык ишкана аркылуу сөөк жашырууга киргизип жатабыз. Биздин айылга коңшу айылдардан, башка жактардан кимдердин сөөгү жашырылып жатканын көзөмөлгө алып турууну максат кылганбыз", - деп кошумчалады Тойгонбаев.

Ал эми Токтогул районунун башчысы Майорбек Сатымкулов аймакта көрүстөндөргө сөөк жашырууга жай берүү үчүн төлөм киргизилгени боюнча маалыматы жок экенин айтты.

"Ал көрүстөндөгү жайлар үчүн акы алууга негиз жок. Бул тууралуу мурда сөз болгон. Бирок жер кеңири болгон үчүн маселени караган эмеспиз. Бул болбогон маалымат", - деди район акими Сатымкулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
22.07.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эми оло турганга дагы акча даярдайт турбайбызбы.
22.07.2017. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
meku89,++++
22.07.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акчан жок болсо комулбой калат экенсин да.
22.07.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул чечим туура эмес бизде жер кенири ошого да акча толосок
22.07.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Олгонго шарт жок деп айтышат го башка олкодо...эми бизде дагы ошондой болуп калабы?
22.07.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
бардык шарттары болсо керекта балкондору бар
22.07.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Токтоткула кокуй, уят, шаар жери болсо да бир жон. Эми ошол эле калды эле, эмне балээ болгон озу кыргыздарга
22.07.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят уялбайт экенсинер да бийликтегилер олгонду комуш дагы проблема болот экенда Аллахжазанарды беретго
22.07.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жанына офис ачып алгла
22.07.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызга оз жерин озуно саткан акмактар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: