Германияда соттук отурумга мышыкты чакырышты

Германиянын Ингольштадт шаардык соту соттук отурумга айыпталуучунун мышыгын алдырууну буйрук кылган. Анткени ал мышык кожойкесинин коңшусунун бутун сейилдеп жүргөн кезинде тиштеп алгандыгы тууралуу жергиликтүү Die Welt гезити жазган.
Маалыматта жазылгандай, мышык тиштеген аялдын жарааты көп убакытта айыккан. Андыктан ал дарыланууга кеткен чыгымды мышыктын кожойкеси төлөп берсин деп арыз менен сотко кайрылган. Жабырлануучу ага 2,7 миң евро беришин талап кылган.
Сот мышыктын канчалык деңгээлде агрессивдүү экенин билүү үчүн кожойкеден жаныбарын жанына ала келүүнү өтүнгөн. Өз кезинде мышыктын ээси аны абдан боорукер жана жоош деп сыпаттап, чымынды да капа кылбай турганын айткан.
Соттук отурум эки тараптын бир ымалага келиши менен аяктаган. Мышыктын кожойкеси коңшусуна ал талап кылган сумманын жарымын төлөп бере турган болгон.

- Мяу..
- Неге тиштедиң?
- Анан эмне өзү түртүнөт мяу?!