super.kg logo
  Саясат  

"Кыргызстан коммунисттер" партиясы президенттик жарышка Исхак Масалиевдин талапкерлигин көрсөттү

 

Бүгүн, 22-июлда Бишкекте "Кыргызстан коммунисттер" партиясынын съезди өттү. Ага өлкө аймагынан келген 150гө чукул делегаттар катышты. Күн тартибинде күздө өтүүчү президенттик шайлоого партиянын атынан талапкерди сунуштоо маселеси каралды. Аталган партиянын лидери Исхак Масалиевдин талапкерлиги ачык добушка коюлуп, жактырылды. Ал депутаттык мандат берген "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы менен болгон кийинки кадамдары кандай багытта уланарын айтты.

Мен партиянын тартибин сактайм. Бакыт Төрөбаев да талапкер. Бирок мындан таарыныч жаралбайт. Азыр таарынычка убакыт жок. Эгер экөөбүздүн бирибиз жеңсек, экинчибизди унутпайбыз”, - деди Масалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: