super.kg logo

Чаткалдын Терек-Сай айыл аймагындагы сел каптоо коркунучунда турган 80 турак жай коопсуздандырылды

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы сел алып кеткен сайлардын жээктерин бекемдөө жумуштары жүргүзүлдү. Мындай маалыматты бүгүн, 22-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМнын бул жылга карата түзүлгөн кырсыктын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш планы боюнча Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарындагы сел алган сайлардын жээктерин бекемдөө жумуштары бүткөрүлгөн.

"Аталган айылдарда 80 турак жайды сел каптап кетүү коркунучу жаралган. Кырсыктын алдын алуу максатында 160 даана габион торчолору орнотулуп, бекемдөө жумуштары аткарылды. Атайын бөлүнгөн каражаттын эсебинен коопсуздукту камсыздоо иштери толугу менен бүткөрүлдү", - деп билдирди басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: