Өлкөдө Алтай цивилизациясын изилдөө борбору түзүлөт
Бүгүн, 22-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер" эл аралык форуму жыйынтыкталды.
Президенттин кеңешчиси Мира Карыбаева аталган форум туруктуу иш жүргүзөрүн, кийинки жолугушууну 2018-жылдын августунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүү пландалып жатканын айтты.
22-июлда "Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер" эл аралык форумунун декларациясы кабыл алынды. Декларация 7 пункттан турат.
1. Алтайга биргеликте "Алтай цивилизациясы" тарыхый-маданий борборун куруу.
2. Бишкек шаарына "Алтай цивилизациясын изилдөө институту" эл аралык илимий изилдөө борборун түзүү идеясын колдоо.
3. Илим, маданият өкүлдөрүн тартуу менен илимий байланыштарды кеңейтүү, комплекстүү илимий изилдөөлөр программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
4. Алтаистика боюнча изилдөөлөрдү кеңейтүү, Алтай тектүү элдердин ортосунда илимий, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого көмөктөшүү.
5. Окумуштуулар, маданият жана искусство өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашууларын туруктуу негизде уюштуруу, Алтай тектүү элдердин жалпы тарыхый-маданий байланыштарын даңазалоо.
6. Жаңы жана актуалдуу изилдөөлөрдү жарыялап туруу үчүн "Алтай цивилизациясы" илимий электрондук журналын уюштуруу.
7. Кыргыз Республикасында Алтай тектүү элдердин тарыхын, маданиятын жана материалдык эмес мурастарын камтыган Көчмөн цивилизациясы борборунун түзүлүшүн колдоо.
Эскерте кетсек, аталган форум өз ишин 20-июлда Бишкектен баштаган. Иш-чара 3 күнгө созулду.
