Чолпон-Атада диний окуу жайларда араб тилин үйрөтүү боюнча семинар өтүп жатат





Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында диний билим берүүчү мекемелердин мугалимдеринин араб тилин өнүктүрүү жана аларга билим берүүнүн жаңы усулдарын үйрөтүү багытында 5 күндүк семинар уюштурулууда. Мындай маалыматты бүгүн, 22-июлда Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, семинардын алкагында диний окуу жайлардын мугалимдери араб тилин окутуунун жаңы усулдарын жана сабак берүүнү иновациялык ыкма аркылуу ишке ашыруу жаатында билим алышууда.
"Семинардын жүрүшүндө муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев, Мароккодон келген мугалимдер жана "Гринада" илим, билим жана маданият уюмунан келишкен өкүлдөр сабак өтүп жатат. Алар өздөрүнүн тажрыйбалары менен семинардын катышуучуларына бөлүшүүдө. Семинарды өткөрүүгө Бүткүл дүйнөлүк араб тилин жандандыруу уюму да көмөктөшүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

