ЖЫЛНААМА, 23-ИЮЛЬ: 6 жыл мурун британиялык ырчы Эми Уайнхаус аракка ууланып каза болгон






6 жыл мурун 2011-жылы 23-июлда британиялык белгилүү ырчы Эми Уайнхаустун жансыз денеси Лондондогу үйүнөн табылган. Алгач 27 жаштагы Эми Уайнхаус баңгизатын көп өлчөмдө колдонгондугунун натыйжасында каза тапкандыгы айтылган. Бирок полиция ырчынын үйүнөн маңзат табылбаганын билдирген. Көп убакыт бою Эми Уайнхаустун өлүмүнүн себеби аныкталбай келген. Анын атасы Митч Уайнхаус кызы аракты көп ичкенден кийин жүрөгү токтоп калышы мүмкүн деген божомолун айткан. Текшерүүлөрдөн кийин чындыгында Эми Уайнхаустун канында нормадан 5 эсе көп алкоголь болгону аныкталган. Анын бөлмөсүнөн 3 арактын бош бөтөлкөсү табылган.
Музыканын R&B, соул, джаз жанрларында ырдаган Эми Уайнхаус 1983-жылы 14-сентябрда Лондондо төрөлгөн. Ырчынын экинчи "Back to Black" аталыштагы альбому 6 "Грэмми" сыйлыгына татып, Эми Уайнхаус "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп "Грэмми" сыйлыгын алган биринчи жана жалгыз англиялык ырчы катары киргизилген.
23-июлдун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

14:9
2025-07-10
12:15
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.