super.kg logo

Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн "Сары кыздын тоюнан" фоторепортаж

 
Мария Ногойбаева
Анара Кылчыкпаева

22-июлда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында "Өрүк Fest" фестивалы өттү. Ага аталган райондун 7 айылынын дыйкандары катышып, өрүктөн жасалган азыктарын жарманкеде тартуулашты. Ошондой эле 7 облустун өкүлдөрү да келишкен. Жарманкеде кол өнөрчүлөр да өз жасалгаларын тартуулашты.

Фестивалды алгач 2016-жылы "Тосор" коомдук уюму уюштурган. Биринчи "Сары кыздын тоюнда" фестивалын өткөрүү эстафетасы Барскоон айылына берилген. Уюмдун өкүлү Айбек Сарыгуловдун айтымында, иш-чаранын негизги максаттарынын бири айылды өнүктүрүү.

"Облустун Тоң, Жети-Өгүз райондорунун аймагы өрүк өстүрүү үчүн ыңгайлуу. Бул жерде өрүк бактары 30-35 жылга чейин түшүм бере берет. Фестиваль биринчиден, дыйкандар үчүн өрүктү экспорттоого шарт түзөт. Ошону менен туристтерди да кызыктыра алат, себеби фестиваль өтүп жаткан маалда көл да жылып калган болот. Мындан сырткары айыл тургундарынын ынтымагын чыңдоо. Катышуучулар тажрыйбалары менен бөлүшүп, азыктары менен кеңири таанышып, өз ара сүйлөшүп, бирдей баа коё алышат. Буга чейин сатып алуучулар баасын өзгөртүп алып келишкен. Эми бул фестиваль жыл сайын өтүп турса деген ниетибиз бар", - дейт Айбек Сарыгулов.

Жергиликтүү тургундар Жети-Өгүз боюнча жылына 10 миңдей түп өрүк отургузулат жана 200 миң тоннадай өрүк сатыларын айтышат. "Сары кыздын тоюнун" катышуучулары өрүктүн ден соолукка болгон пайдасы чоң экенин белгилешет. Мисалы, өрүк жүрөктүн иштешин жакшыртып, муундар үчүн витаминдин булагы болуп эсептелет.

"Өрүктө көптөгөн витаминдер бар. Мисалы, муунга керектүү кальций, иммунитет үчүн керектүү темир бар, организмдеги зыян заттарды чыгарат. Кургатылган өрүк жүрөк үчүн пайдалуу. Ошондой эле абрикос самогону кан-тамырдагы холестеринди жоготуучу касиетине ээ, бирок аны жасап сатууга уруксат берилбейт, өзүбүз үчүн колдонобуз. Алманы экологиялык жактан таза деп, экспорттоого жетиштик, эми өрүктөрдү экспорт кылууга аракет көрүп жатабыз. Ата-бабалар "өрүк бышканда өлбөй калдык" дегендей, өрүк алмага караганда тоюмдуу", - дейт фестивалдын катышуучусу, Тамга айылынын тургуну Мария Ногойбаева.

Ал эми Анара Кылчыкпаева аймактын тургундарын өзү жасаган өрүк ширеси менен камсыздап турат. "Ширени өзүм өстүргөн өрүктөн 5-6 жылдан бери жасайм. Ага өрүк, суу, шекер гана кошом. Шире 25 градуста 3 жыл сакталат. Андагы витаминдер жүрөккө пайдалуу. Азырынча 500дөй банка жапканымдан, эч жакка экспорттобойм, айылдагыларга сатам. Кирешем үй-бүлөмдүн күнүмдүк керектөөлөрүнө жетет. Андан сырткары алманыкынан да жасайм, бирок өрүктүкү өтүмдүү", - дейт Анара Кылчыкпаева.

"Өрүк fest" концерттик программа, сынактар менен коштолуп, райондун эмгекчил дыйкандары Ардак грамоталар менен сыйланышты. Фестивалдын жыйынтыгында Жаргылчак айылынын жарманкеге коюлган азыктары мыкты деп табылып, кийинки той дал ушул айылда өтмөй болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
24.07.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайсы "сары белгилуу ырчы,артистерибиз бар десе",кимиси той откоруп атат деп.
Биз,суйгон орук экен да.Аттин ай Колдо болгондо,толтура как алат элем
24.07.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oo sary kyzdyn toiu bashtalgan turbaiby ,jakshy otup ketsin emi oruktor..
24.07.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Орук Эми бышып жатабы. Баткенде бышып
, баргек кылып даже баргек,кактары кургатылып сатылып да бутту.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: