Өткөн суткада республикада 26 өрт кырсыгы катталып, Манас районунда 12 тонна жыйылган чөп күйдү
Өткөн суткада республикада 26 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 9, Чүй облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 3, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.
Манас районунун Покровка айылындагы кашарда кечээ, 23-июлда саат 16:30дар чамасында өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 3 000 түк чөп, 12 тонна жыйылган чөп күйгөн. Учурда өрт эмнеден улам чыкканы такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.