super.kg logo

Чет өлкөлүктөр бейишке салыштырган Ысык-Көлдүн тескейи жана Барскоон (фоторепортаж)

 
Барскоон капчыгайы
"Кумтөргө" кетчү жол
"Кумтөрдөн" келе жаткан унаа
"Кумтөргө" кетчү жолго суу сээп турушат
Күндүн батышы
Ысык-Көлдүн тескейинин суусу тунук
Комплекстин курулушу

"Ысык-Көл" сөзүн угар замат көпчүлүк ызы-чуу болгон кум жээкти, экстремалдуу суу аттракциондорун, айрымдары катуу музыкасы менен түнкү клубдарды элестетишет. Көлдүн түндүк жагы дал ушундай баяндамага туура келсе, түштүк жээги, тескерисинче, эс алуучулары аз, тынч кум жээги менен айырмаланат. Бул тарап жаратылыш коюнунда эс алгысы келгендер үчүн эң ыңгайлуу. Эс алуучулардын катарын көбүнесе туристтер түзөт. Алардын айтымында, Ысык-Көлдүн тескейи кереметтүү жаратылышы, тунук суусу, таза абасы менен өзгөчөлөнүп турат. "Келген туристтер "жериңер бейиш экен" деп айтышат" дешет жергиликтүү тургундар. Чындыгында тескей тараптагы көлдүн суусу тунук экенине күбө болдук. Азырынча түндүк жактагыдай суу аттракциондор курула элек, жээгинин көпчүлүк жерлеринде кум аз. Мындан улам айылдардын коомдук уюмдары эс алуучулардын санын арттыруу максатында жээктерге кум төгүп жаңы пляждарды ачуу аракеттерин көрүшүүдө. Ошондой эле Тосор айылында августта ири масштабдуу той өтөрү пландалып, учурда ал үчүн комплекстин куруу иштери кызуу жүрүүдө. Уюштуруучулар иш-чара тескей жээкти чет элдиктерге таанытып, туристтерди кызыктыра турганын баса белгилешти.

Барскоон капчыгайы тууралуу көптөгөн сөздөр айтылып келет, "миң уккандан, бир көргөн артык" дегендей, ар бир кыргызга аталган капчыгайга барууну сунуштайбыз. Бийик карагайларга, мөңгү суусуна бай капчыгайда көз жоосун алган шаркыратмалар да бар. Мунун баары тоо туризмин өнүктүрүүгө шарт түзүүдө. Капчыгайды көргөн адам жаратылышына көзү тойбой кайтарына кепилдик беребиз. Кошумчалай кетсек, "Кумтөргө" кетчү жол дал ушул капчыгай аркылуу өткөндүктөн, оор жүк ташуучу унаалар кезеги менен өтүп турат.

Туристтер үчүн тейлөө кызматын көрсөтүп каражат тапкан тургундар Барскоонго келген туристтердин саны жылдан жылга көбөйүп жатканын баса белгилешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.07.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх кандай кооз жерлерибиз бар.
24.07.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chyndygynda Ysyk-Koldun tushtuk jagy taza jaratylyshy abdan kooz,Kyrgyzstandyn kaisy jeri bolbosun tashtandy tashtabai jakshy karasak bolmok ,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: