Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум 28-июлга калтырылды

Бүгүн, 24-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Соттук кароо башталган учурда Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекованын ооруканада жаткандыгынан улам отурумду кийинкиге жылдыруу өтүнүчү келтирилди.
Прокурор өз учурунда депутаттын жактоочусу жок болгондуктан анын ордуна мамлекеттик жактоочу чакырууну сунуштады. Бирок буга депутат Салянова каршы чыкты. Сот жыйынтыгында ишти 28-июлда улантуу чечимин кабыл алды.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.
