Президент бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп бере турганын айтты

Президент Алмазбек Атамбаев бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп бере турганын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атада өткөрүп жаткан маалымат жыйында билдирди. Ал шайлоонун жыйынтыгы кандай болсо да, тааный турганын белгиледи. Эгерде кимдир бирөөлөр окуяны козгоп курчутса, анын орду бир жерде боло турганын эскертти. “Менин мүнөзүмдү билесиңер” деп андан ары кошумчалады.
Эске салсак, президенттик шайлоо ушул жылдын 15-октябрында өтөт. Учурда шайлоого катышуу үчүн 37 талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына арыздарын берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-2

