super.kg logo
  Саясат  

Атамбаев: “Чехиялык компания августтун аягына чейин 37 миллион доллар төлөбөсө, Кыргыз мамлекети башка инвестор табат

 

“Чехиялык компания августтун аягына чейин 37 миллион доллар төлөбөсө, Кыргыз мамлекети башка инвестор табат”, - деди Алмазбек Атамбаев. Анын айтымында, аталган компанияны бир азга күтө туруу керек, төлөй турган болсо, олуттуу инвестор экени тастыкталат. Андан ары 4-августта Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын акционерлери бул макулдашууну бекитүүгө чогулушарын да айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы резиденцияда берип жаткан маалымат жыйында билдирди.

Мамлекет башчы Жогорку Нарын каскадын жана ГЭСтерди курууда орусиялык “РусГидро” компаниясы менен келишимдин токтотулганы туура болгонун айтты. “Мен, Орусиянын президенти дагы Жогорку Нарын каскадын жана Камбар-Ата 1-ГЭСин компания курбай жатканына таң калды. Биз АКШны же Орусияны карабай Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын ойлошубуз керек”, - деди ал.

Эске салсак, ушул жылдын 10-июлунда Жогорку Нарын каскадына 2 ГЭС: Ак-Булуң жана Нарын-1 ГЭСтерин, башка дагы 10 чакан ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен чех компаниясынын ортосундагы келишимге кол коюлган эле. Иш-чарага Кыргыз президенти жана жооптуу комитеттин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев катышкан. Көп өтпөй чехиялык ЖМКлар "Liglass Trading CZ" компаниясы көпчүлүккө таанымал эмес, банкрот абалына кептелген шектүү компания экенин жазып чыгышкан болчу. Ошондой эле Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги аталган компания менен иштешпөөнү эскертип, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына 2017-жылдын март айында кат жолдогону тууралуу маалымат тарап, каттын көчүрмөсү жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: