super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз спортчулар 2017-жылдын алгачкы жарым жылдыгында 386 медаль тагынышты

 
Жаштар иштери, дене дарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев

Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары 2017-жылдын алгачкы жарым жылдыгында эл аралык мелдештерде 386 медалга ээ болушту, алардын ичинен 114 алтын, 116 күмүш жана 156 коло медаль. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Аталган убакытта спорт агенттиги 95 спорттук-массалык иш-чараларды өткөргөн жана Кыргыз спортчулар чет өлкөдө өткөн 106 мелдешке катышкан.

Белгилей кетсек, Япониянын Саппоро шаарында 19-26-февраль аралыгында өткөн VIII кышкы Азия оюндарына 1500дөн ашык спортчу катышып, спорттун 11 түрүнөн медалдар үчүн күрөшүшкөн. Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары хоккейден 1 күмүш медалга ээ болушкан.
Азербайжандын Баку шаарында 12-22-май аралыгында өткөн IV Ислам тилектештик оюндарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз спортчулары 4 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль утушкан. Жааттык эсепте Кыргыз өлкөсүнүн курамасы 10-орунду ээлеген.
Ош шаарында 19-21-май аралыгында өткөн "ММА" боюнча Азия чемпиондугуна 6 өлкөдөн 55 спортчу катышкан. Чемпиондуктун жыйынтыгы боюнча Кыргыз спортчулары 6 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль жеңишкен. Жааттык эсепте Кыргыз курама командасы 1-орунду ээлеген.
Чолпон-Ата шаарында өткөн кол күрөш (армрестлинг) боюнча Азия чемпиондугуна Азиянын 11 өлкөсүнөн 400 спортчу катышып 177 медаль комплекти үчүн күч сынашкан. Жааттык эсепте Кыргыз өлкөсүнүн курамасы 2-орунду ээлеп, жалпы эсеби менен 83 медаль жеңишсе, анын ичинен 27 алтын, 28 күмүш жана 28 коло медалдар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
25.07.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
волейболистердин да медалдары кошулабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: