super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз өлкөсүнүн 8 спортчусу 45 миң сомдон стипендия алышат

 
Жаштар иштери, дене дарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди

Кыргыз өлкөсүнүн 8 спортчусу 45 миң сомду түзгөн жогорку категориядагы стипендияны алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Анын айтымында, мыкты спортчулардын социалдык коргонуусун жакшыртуу жана эл аралык аренада жакшы натыйжаларга өбөлгө түзүү максатында Кыргыз өлкөсүнүн спорт түрлөрү боюнча курама командаларынын өкүлдөрүнө стипендия каралган. Стипендиаттардын саны 284 кишини түздү. Стипендиялар 7 категорияга бөлүнгөн, анда 2 миң сомдон 45 миң сомго чейин акчалай сыйлык каралган.

Жогорку категориядагы стипендиянын ээлери:

Эламан Догдурбек уулу - спорт чебери. Эркин күрөш боюнча 2016-жылы Дүйнө чемпиондугунда 3-орунга ээ болгон. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.

Иззат Артыков - эл аралык категориядагы спорт чебери. Бразилиянын Рио шаарында өткөн Олимпиада оюндарында оор атлетика боюнча мелдеште ийгилик жараткан. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.

Ильгиз Каналбек уулу - спорт чебери. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.

Арсен Эралиев - спорт чебери. 2015-жылы грек-рим күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 5-орунду ээлеген жана 2016-жылы Бразилиянын Рио шаарында өткөн Олимпиада оюндарында грек-рим күрөш боюнча 5-орунга ээ болгон. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.

Эсен Калиев - спорт чебери. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунун алтын медалынын ээси жана Бразилиянын Рио шаарында өткөн Олимпиада оюндарында 5-орунду ээлеген. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.

Жыргал Орозбаев - спорт чебери. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда 3-орунга ээ болгон жана Бразилиянын Рио шаарында өткөн Олимпиада оюндарында 6-орунду ээлеген. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.

Айсулуу Тыныбекова - эл аралык категориядагы спорт чебери. Бразилиянын Рио шаарында өткөн Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө 5-орунга ээ болгон. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.

Каныбек Жолчубеков - спорт чебери. Грек-рим күрөш боюнча студенттер арасындагы Дүйнө чемпиону. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.

Категориялар

Стипендиаттардын саны

Стипендиянын өлчөмү (сом)

Сумма (сом)

Жогорку категория

8

45000

360 000

I

17

25000

425 000

II

37

15000

555 000

III

51

8000

408 000

IV

66

5000

330 000

V

41

3000

123 000

VI

64

2000

128 000

ЖАЛПЫ:

284

2 329 000

Бардыгы 6 ай ичинде

13 974 000






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
24.07.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акжолго да берсеңер болмок өтө таланттуу бала
Келечекте олимпияданын жеңүүчүсү болот буюрса
24.07.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арасында Акжол болуш керек болчу!
24.07.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акжол оспурумдор арасындагы чемпион, эмки жылдан баштап барат кудай буюрса,
24.07.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаевдер кайда?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: