super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Сооронбай Жээнбековго ишенем, жакшы президент болмок"

 

Чолпон-Атада президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны өтүүдө. Өлкө жетекчисине "Сооронбай Жээнбековго канчалык ишенесиз?" деген суроо берилди.

"Мен Сооронбай Жээнбековду көптөн бери билем, ага ишенем. Жакшы президент болмок. Негизи Жээнбеков тууралуу суроолорго жооп бербешим керек эле, бирок жооп бербесем болбойт окшойт. Абдан жакшы адам", - деди президент.

Ал эми Өмүрбек Бабановдун жакындарынын Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан 17 миллион доллар насыя алганы боюнча суроого мындай жооп узатты:

"Насыяны жакындары алыптыр, өлкөдө жарандардын насыя алышына эч кандай тоскоолдук жок. Анын үстүнө Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду ири долбоорлорго гана насыя берет".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: