super.kg logo

Дүйнөдөгү байыркы ламантин 69 жыл жашап көз жумду

 

АКШнын Флорида штатында дүйнөдөгү байыркы ламантин көз жумду. Снути аттуу жандык 69 жашка чыккан күндүн эртеси аталган шаардагы өзү жашаган океанариумда каза болгон. Бул тууралуу Түштүк Флорида Музейинен кабарлашкан.

“Снути абдан өзгөчө жандык эле. Анын ар бир кыймылы элди кайдыгер калтырчу эмес. Биз аны жоготконубузга абдан кайгыруудабыз”, - деген музейдин өкүлү.

Ошондой эле анын өлүмү эмнеден улам келип чыкканы тууралуу толук изилдөө жүргүзүлөрүн кошумчалаган.

Ламантин – суудагы сүт эмүүчү жандыктардын бир түрү. Алар өмүрүндө бир гана жолу балалуу боло алышат. Бою 2,8-3 метрди түзүп, салмагы 400-500 килограммга барабар болгон жандыктар болжол менен 60 жылга чейин жашашат. Ал эми Снути 1946-жылы 21-июлда Майамидеги океанариумда туулуп, 69 жашка толгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.07.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызык... менин күчүгүм да 22 жашка чыгып бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Аттиң арман күчүгүм сенин жаркын элесиң үйбүлөбүздүн, тоок уйларымдын,жадакалса кошуналарымдын эсинде түбөлүккө сакталат...
Tyty1990 түзөттү 2017-07-24 13:51:25
24.07.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tyty1990, увахаха базар жок.)))
24.07.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баласы бар бекен тируу бекен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: