super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Динге чектөө койсок, радикалдашуу башталат"

 

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө динге чектөө киргизүүгө каршы. Ал мындай пикирин 24-июлда Чолпон-Атада журналисттер менен жолугушууда билдирип, айрым өлкөлөрдө сакал коюуга тыюу салынып жатканын эскертип өттү.

"Динди бир жолго салып, кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү керектигин айтып жатышат. Өлкөлөрдүн бири 13 миң адам сакалын алганын айтып маалымат берди. Биздин жол башка. Элди туура жолго салабыз десек, динди түшүндүрүү жолу менен барышыбыз керек. Бизде тыюу салууга болбойт, анда радикалдашуу башталат. Биз өз жолубузду таптык деп ойлойм. Дүйнөдө бир катар чырлар динди билбестиктен чыгып жатат. Биз түшүндүрүү аркылуу алдыга жылышыбыз керек, мындан башка жолубуз жок", - деди президент Атамбаев.

Өлкө жетекчиси ислам дини алгачкы 100 жылда алдынкы дин болгонун баса белгиледи. "Алгоритм, алгебра, ал тургай алкоголь деген сөздөр араб дүйнөсүнөн чыккан. Куранда бир сүрө бар, анда аз өлчөмдөгү алкоголь пайдалуу экени айтылат. Бирок имамдар муну айтпай жашырып келишет", - деп кошумчалады президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: