super.kg logo
  Саясат  

Атамбаев: “Чубак Жалилов менен Фетхуллах Гүлендин жолугушуусу Кыргыз мамлекетинин көз карашын көрсөтпөйт”

 

Чубак Жалилов менен Фетхуллах Гүлендин жолугушуусу Кыргыз мамлекетинин көз карашын көрсөтпөйт”, - деди бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы резиденцияда берип жаткан маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев.

Атамбаев Чубак Жалилов бейрасмий жаран катары бардык адамдар менен жолугушууга укуктуу экенин айтты. “Чубак Жалилов муфтийликке талапкерлигин көрсөтүп жатканда, бул бийликтен жаман бийлик жок деп мени жамандаганын билесиздер го. Мен аны жолугушууга жөнөткөн жокмун. Ал өлкөнүн расмий муфтийи эмес. Биз эркин мамлекет болгондуктан ал бирөөлөр менен жолукканы өз эрки”, - деди мамлекет башчы.

Президент “Себат” лицейи жабылбай турганын кошумчалады. “Түрк бийлиги “Себат” мектептерин жаппаганыбыз үчүн таарынып жатат. Алардын өтүнүчүнөн кийин лицейлерге болгон көзөмөл күчөтүлдү. 35 пайызы Билим берүү жана илим министрлигинде. Лицейдин аталышын "Сапат" деп алмаштырдык. Учурда андагы мугалимдердин 90-95 пайызы Кыргыз жарандары. Биз мектептерди жаптырбайбыз, мектептерди көбөйтүшүбүз керек. Азыр бюджеттен 24 пайыз билим берүүгө кетип жатат”, - дейт ал.

Буга чейин интернетке Чубак Жалиловдун Фетхуллах Гүлен менен бирге түшкөн сүрөтү жарыяланган. Мурдагы муфтий SUPER.KG порталына берген маегинде Гүленди колдой турганын жана ага тагылып жаткан айыптарды саясий көз караш катары баалай турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: