Орусияда кароосуз калган 5 бала Кыргыз жерине алынып келди
Орусияда кароосуз калган 5 бала Кыргыз жерине алып келингенин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы 24-июлда билдирди. Министрликтин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева балдардын кичүүсү 3 айлык болсо, улуусу 1 жашта экендигин айтты.
"Аларды дарыгерлердин толук көзөмөлүнөн өткөрүп балдар үйүнө жайгаштырдык. Эми биз аларды өз ата-энелерине кайтаруу үчүн ата-энелерин жана туугандарын издөө аракеттерин көрөбүз", - деп айтты Жумабаева.
2011-жылдан бери кароосуз калып 72 бала Кыргыз жерине кайтарылып келинсе, бул жылы 8и алып келинди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:9
2025-07-10
12:15
2025-07-10
Рейтинг:
0

Эмне сразу кыздар? Кыргыз эле балдар боздотуп таштап кетбей атабы? Аялдарын балдары м.н бакбай таштап кеткени канча?