super.kg logo

Жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгери: "Тамак-ашка уулангандардын саны көбөйдү"

 

Акыркы эки күндө тамак-аштан ууланып 200 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева билдирди.

Анын айтымында, бейтаптардын 90 пайызы кичинекей балдар. "Бүгүнкү күндө ооруканада жалпы 423 адам дарыланууда. 191и курч ичеги карын оорусуна кабылган. Кичинекей балдар дарбыз, коон өңдүү жемиштерди жеп тамак-ашты жакшы сиңире албай ооруп калышууда. Түнү муздаткычка салынбай туруп калган тамактарды же болбосо көчөдө эт кошулган самса, мантыны сатып алып жегенден кийин ооруп калгандар бар", - деди дарыгер.

Дарыгер оорунун алдын алуу үчүн мөмө-жемиштерди жууп жеш керектигин жана гигиенаны сактоо зарылдыгын эскертти.

"Базардан текшерүүдөн өткөн, сапаты жакшы тамак-аштарды сатып алуу керек. Сөзсүз түрдө сактоо мөөнөтүнө көңүл буруу зарыл. Эшиктен үйгө киргенде, тамак ичерде колду самындап жууш абзел. Балдарга арыктан суу ичпеш керектигин түшүндүрүп туруу зарыл. Бала эмизген энелер да гигиенаны сактаса балдары оорубайт", - дейт Айнура Узакбаева. Ошондой эле жыл сайын жай мезгилинде уулангандар көп катталарын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: