Атамбаев: “Жаныш Бакиевди издеп таап, жазалоо үчүн өлкөдө Моссад сыяктуу кызмат жок болгону өкүндүрөт”
Президент Алмазбек Атамбаев Жаныш Бакиевди издеп таап, жазалоо үчүн өлкөдө Моссад сыяктуу кызмат жок болгонуна өкүнөрүн бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы резиденцияда өткөн маалымат жыйында билдирди.
“Бизде аталгандай чалгын кызматы жок болгону өкүндүрөт. Жаныш Бакиевди издеп таап, жазалаш керек. Апрель окуясына чейин да, андан кийин да канчалаган кишини өлтүрдү. Миллиондогон акчаларды уурдады. Анын үй-бүлөсү жүз миллиондогон доллар каражаттарды уурдап кетти”, - дейт президент.
Айта кетсек, Моссад Израилдин саясий чалгын кызматы. Чалгындоо жана атайын тапшырмалар үчүн кызмат чет жерден жашыруун, саясий стратегиялык маалыматтарды ыкчам чогултат. Ошондой эле террордук иш-аракеттердин алдын алуу боюнча иш жүргүзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

