Орусияда чочко тумоосунун очогу аныкталып, орус-казак чек арасында карантин жарыяланды
Орусиядагы чочко тумоосуна байланыштуу орус-казак чек арасында карантин жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Омск облусунун аймагында африкалык чочко тумоосунун очогу, жугуштуу ылаңды жуктурган жаныбарлар бир нече райондорунда табылган.
Мындан улам аймакта өзгөчө кырдаал киргизилди. Өткөн аптанын соңунда Новосибирск бийлиги илдетти жайылтпоо үчүн коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирген. Карантинге алынган чек ара аймактарында жапайы камандарды 20 чакырым аралыкка чейин жолотпоо боюнча иштер жүрүүдө. Учурда Омск облусунун аймагында 2000дей чочко жана 100 миң тоннадай эт жок кылынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-09
22:08
2025-07-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.