Улуу Британияда 11 айлык оорулуу баланын ата-энеси уулунун жасалма дем алуу аппаратын өчүрүүгө макулдук беришти








Улуу Британияда Чарли Гард аттуу 11 айлык оорулуу баланын жасалма дем алуу аппаратын өчүрүүгө ата-энеси макулдук беришти. Алар 24-июлда Лондондогу соттун имаратынын алдына расмий билдирүү жасашты.
Өткөн айда Адам укуктары боюнча европалык сот Чарлинин аппаратынын өчүрүлүшү керек экендиги тууралуу чечим чыгарган. Бирок баланын ата-энеси апелляция берип, сот алардын үмүтүн үзбөшү керектигин айткан.
Басылмалардын жазгандарына караганда, Рим папасы Франциск бала үчүн Кудайдан тиленип жатат. "Эч кимдин адамдын өмүрүн токтотуп коюуга акысы жок. Кымбаттуу Чарли, биз сен үчүн Кудайдан тиленип жатабыз", - деген католик чиркөөсүнүн башчысы.
Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына: "Эгер кичинекей Чарли Гарддын өмүрүн сактап калуу колубуздан келсе, британиялык досторубуз, Рим папасы менен бирге жардам берүүгө даярбыз", - деп жазган.














1 |