Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында депутаттар шайлоо участокторунун санынын аздыгына нааразы болушту

Бүгүн, 25-июлда Бишкек шаардык мэриясынын кезексиз VI жыйыны өтүп, ага борбор калаанын мэри Албек Ибраимов жана шаардык кеңештин депутаттары катышууда. Жыйын "Бишкек шаарына ак ниет кызмат өтөгөнү үчүн", "Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн" жана башка наамдар менен Токтобек Асаналиев баш болгон жергиликтүү тургундар Ардак грамоталар менен сыйланышкан соң Албек Ибраимовдун сөзү менен ачылды.
Жыйындын күн тартиби боюнча күндүн негизги тартиби кошумча шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү.
Анын алкагында, Бишкек шаарында шайлоо күнү добуш берүүчүлөр үчүн 27 шайлоо участогу даярдалганы маалымдалды. Бирок шаардык кеңештин айрым депутаттары 2015-жылдагы шайлоодо 39 участок болуп, быйыл көбөйгөндүн ордуна кайра азайганына нааразы болушту.
"Биз шаар тургундарынын тизмелерин карап чыктык. Шайлоого биометрикалык маалыматтарын бергендер гана катыша алат. Ал гана эмес ушул кезге чейин шайлоого элдин 100 пайызы катышкан учур каттала элек. Мындан улам шайлоочуларга эч кандай ыңгайсыздык түзүлбөйт", - деп жооп кайтарды мэр нааразы болгон депутаттарга.
Бир топ талаш-тартыштан соң маселе добушка коюлуп, депутаттардын колдоосуна татып, кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.