Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум жактоочусу жок болгондугуна байланыштуу 1-августка жылдырылды



Бүгүн, 25-июлда Биринчи Май райондук сотунда белгиленген "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту жактоочусу Чынара Жакупбекова ооруканада жаткандыгына байланыштуу болгон жок.
Отурумга Шыкмаматов, Али Юксель жана абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Жусуп Иманалиев келlти.
Айыпталуучулардын жактоочулары кесиптеши Жакупбекованын келбей калгандыгын жүйө кылып отурумду кийинкиге калтырууну соттон өтүндү. Сотко төрагалык кылуучу Айбек Эрнис уулу өтүнүчтү канааттандырып, кийинки отурумду 1-августка белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.