super.kg logo

Президенттикке талапкерлер мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча 4 бөлүктөн турган тестирлөөдөн өтүшөт

 

Президенттикке талапкерлер мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча 4 бөлүктөн турган тестирлөөдөн өтүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда “Кыргызтест” системинин жол жоболорун көрсөтүү учурунда адис Батма Топоева билдирди.

Маалым болгондой, лексика-грамматика, жазуу тестине 50 мүнөт убакыт берилет, угуу боюнча тестирлөөгө 25 мүнөт, окууга 25 мүнөт берилет. Ал эми сүйлөөнү текшерүү боюнча тестирлөөдө талапкерлер 20 мүнөттө бир окуяны баяндап бериши каралган.

“Эгерде талапкер тест боюнча зарыл болгон жалпы баллды топтой алса, бардык субтесттердин суммасынын 60 пайызынан ашса, ага В2 “Ортодон жогору” деңгээлде мамлекеттик тилди биле турганын ырастаган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты берилет. Эгерде талапкер 100 пайыздын ичинен 60 пайыздан аз балл топтосо, ага субтесттер боюнча алган баллы көрсөтүлгөн маалымкат берилет”, - деди ал.

Ошондой эле тесттин жыйынтыгына нааразы болгон талапкер 3 күндүн ичинде арыз менен кайрылып, кайра тапшырса боло турганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.07.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура ар бир кыргыз жараны мамлекеттик тилди билиши зарыл,ал эми мамлекетти башкарган ажолорго андан бетер эне тилин билуусу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: