super.kg logo

Microsoft корпорациясы Paint программасын Windows'тон алып салышы мүмкүн

 

Microsoft корпорациясы 1985-жылдан тарта Windows операциондук системинин түзүмүнө кирген Paint графикалык редакторунун үстүндө иштөөнү токтотту. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Windows 10 Fall Creators Update операциондук системинин функциялары тууралуу баяндоодо Paint "активдүү иштетилбей калган, келечекте жаңы системдерден өчүрүлүшү мүмкүн" категориясындагы тизмеге кошулган. Ошондой эле жаңы версияда корпорация Outlook Express жана PDF менен TIFF документтерин окуй турган Reader тиркемесин өчүрөт. Reader функциясы Edge браузерине жайгаштырылат.

Microsoft Paint программасы сүрөттөр менен иштей турган жөнөкөй графикалык редактор. Ушул жылы жазында Windows 10до Paint 3D программасы иштелип чыккан, анда 3D-моделдер менен иштөө мүмкүн. Азырынча анын иштөөсүн токтотуу пландала элек.
Аталган Windows 10дун жаңылануусу ушул жылы күзүндө чыгары маалым болду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: