Турсунбек Акун “Кыргызтест” тууралуу: “Бизди 5-класстын окуучусундай кылып тесттен өткөрүү туура эмес”
Президенттикке талапкер мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Кыргызтесттен” мурда жогорку кызматта иштегендер өтпөй эле койсо деген сунушун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-июлда аталган системдин жол жоболору менен тааныштыруу учурунда билдирди.
“Борбордук шайлоо комиссиясы, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы туура эмес кылып жатат. Парламентте иштеген, премьер-министр, спикер, Акыйкатчы болгон инсандар кыргыз тилин билет. Аларды тесттен өткөрүп кереги жок болчу. Бизди кайрадан 5-класстын окуучусундай кылып тесттен өткөрүү туура эмес. Аброюбузга шек келтирип жатат. Эксперттик комиссия Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашып туруп тилди билген улуттук деңгээлдеги 4-5 инсандарды тесттен бошотуп койсо туура болот. Бизди башкалардын катарына кошуп алып тесттен өткөргөн абройго шек келтирет. Мен мурда президенттикке талапкерлигимди койгондо биринчилерден болуп тесттен өткөм. Анда дилбаян жазганбыз, мындан да кыйын тест болгон. Кайра-кайра эле өтө беребизби? Убакытты кетирбей, бизди бошотсо жакшы болмок”, - деди Турсунбек Акун.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев мыйзамга ылайык, бардык талапкерлер тест тапшыруусу зарыл экенин белгиледи.

















1 |