super.kg logo

Борбор калаанын тургундарына “Мен Бишкекти сүйөм” долбоорунун алкагында граффити тартылган дубал тартууланды

 
Баглан Мамаев
Виктор Цой

Бүгүн, 25-июль күнү Бишкек шаарында “Мен Бишкекти сүйөм” аттуу долбоордун алкагында “Basic Colors” арт-тобу 2017-жылдагы алгачкы граффити тартылган дубалын тартуулады.

Долбоордун координатору Виктор Цойдун айтымында, долбоордун максаты заманбап көркөм өнөр менен шаардын мейкиндигин кеңейтүү жана шаардын тургундарынын активдүүлүгүн күчөтүү.

“Сүрөттө шаар бир колу менен жаратып, экинчи колу менен бүлдүрүп жаткан адам катары көрсөтүлөт. Бул сүрөт кимдир-бирөөнү сыноо жана айыптоо үчүн тартылган жок. Шаар өзү курулуп, өзү бузуларын эске салып туруу керек. Биз граффити үчүн тема тандабайбыз, алар негизинен эч качан актуалдуулугун жоготпогон темалар. Бул таштанды, шаарды жашылдандыруу, элдин мамилеси тууралуу темалар. Долбоорду аткарууга 8 граффити сүрөтчүсү катышты, даярданууга 2 жума кетти, 3 күндүн ичинде сүрөттү тартып бүткөнгө жетиштик”, - дейт сүрөтчү жана долбоордун координатору Виктор Цой.

Долбоорду каржылаган программанын директору Баглан Мамаевдин айтканы боюнча, долбоордун жардамы менен уюштуруучулар шаардын көркүн өзгөртүүгө жана элдин граффитиге болгон көз карашын алмаштырууга умтуларын айтты.

"Алгачкы этаптарда жарандардын түшүнүгү жок болчу. Алар граффитинин маанисин түшүнчү эмес, "мунун эмне кереги бар?” деген суроолор дагы берилчү. Азыр эл маанисин билип, түшүнгөнү кубантат. Силер билгендей, азыркы учурда борбор калаада көп жылдык өсүмдүктөрдү кыюу маселеси күчөп жатат. Биз тургундардын жашылдандырууга көңүлүн бурсун деп сүрөттү тартуулап жатабыз. Сүрөт менен биздин шаар дем алышы үчүн көп жылдык өсүмдүктөр, бак-дарактар керектигин көрсөткүбүз келген. Бул сүрөттө киши бир колу менен жашылдандырып жана экинчи колу менен аны өчүрүп жатканы көрсөтүлгөн”, - деп кошумчалады Баглан Мамаев.






Бишкектеги жаңы тартылган граффити

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.07.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayjan_90, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Ал эми БАНдын мөөнөтү бир күндөн кийин бүткөн. Кешти тазалап, кирип көрүшүңүз керек болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: