super.kg logo

Алмазбек Атамбаев Орусиянын окумуштуу-тарыхчылары менен Алтай цивилизациясы долбоорун мындан ары алдыга жылдыруу маселелерин талкуулады

 

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденциясында “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” эл аралык форумуна катышкан М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка өлкөлөрү институтунун директорунун орун басары Жибек Сыздыкованы, Алтай мамлекеттик университетинин профессору Юлия Лысенкону жана филология илимдеринин доктору, Орусия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Анна Дыбону кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы окумуштуу-тарыхчыларды Кыргыз мамлекетине келип, эл аралык форумдун ишине активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Окумуштуу-тарыхчылар форумдун өткөрүлүшү боюнча дагы, жалпы эле Алтай цивилизациясын изилдөө идеясы туурасында дагы таасирлери менен бөлүшүп, анын актуалдуулугун жана Евразия аймагындагы маанилүү бириктирүүчү ролун баса белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев менен окумуштуу-тарыхчылар Алтай цивилизациясы долбоорун мындан ары алдыга жылдыруу боюнча пландарды талкуулашты.

Мамлекет башчысы кыргыз элинин тарыхынын кыйла бөлүгү Алтайдын аймагында өткөндүгүн, ошондой эле алтай тектүү элдердин тили жана маданияты окшоштугун эске алуу менен, жалпы алтай тектүү элдердин биримдик идеясын терең изилдөөнүн жана жайылтуунун өзгөчө маанисин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.07.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдоочулук күбөлүкту чечип бергиле.Гос дум Атамбайдын суранычын четке кагып,бул маселе күчунө кирбей жатат москвада
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: