super.kg logo

Сот Өмүрбек Текебаевди кыргыз тилинен сынакка катышуу үчүн БШКга баруусун камсыздап берүүдөн баш тартты

 

Бүгүн, 25-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши улантылды. Отурумдун башында айыпталуучулардын жактоочулары Чынара Жакупбекова менен Искен Афиджановдун келбей калгандыгына байланыштуу ишти кийинкиге калтырууну өтүндү. Келтирилген өтүнүчкө мамлекеттик айыптоочулар каршы болуп, сот Айбек Эрнис уулу соттук отурумду улантууга ордунан чечим чыгарды.

"Өмүрбек Чиркешович Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкер катары БШКга катталгандыгы баарыбызга белгилүү. Эртең, 26-июлда талапкер катарында мамлекеттик тилден сынак өтөрү тууралуу бизге билдирүү келди. Ошондуктан Текебаевди сынак тапшыруу үчүн БШКга баруусун камсыздап берүүңүздү өтүнөбүз", - деди Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов.

Жогорудагы өтүнүч боюнча Өмүрбек Текебаев төмөнкүлөрдү айтып өттү:

"Кыргыз өлкөсү кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу шайлоолорду өткөрүү боюнча бир топ алдыда келе жатат. Таза шайлоону камсыз кылуу үчүн ар бир талапкердин укуктары Баш мыйзамга ылайык корголууга тийиш. Мен фракциянын башчысы катары, көп жылдан бери иштеп келаткан туруктуу партиянын лидери катары өз укуктарымдан пайдаланышым керек".

Прокурорлор өтүнүчкө каршылык көрсөттү. Сот кеңешүү бөлмөсүнөн кайтып, өтүнүч четке кагыларын оозеки айтты. Жактоочу Канат Хасанов өтүнүчтү четке кагуу боюнча оозеки чечими жарабай турганын, БШКга документ катары тапшырууга кагаз түрүндө жазып беришин талап кылды. Айбек Эрнис уулу чечимди кагаз түрүндө чыгарып, сотту улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
25.07.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бийлик сотторду дагы эзип бутту.
25.07.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Текебаевди шалоонун журушуно катышуу мумкунчулугуно жолтоо болуш учун аркандай амалдарды кылат деп ойлойм,анткени текебаевдин шалоого катышуу мумкунчулугу жаралса бийликке абиир алып келбейт ансызда калп ценарийлери ишке ашпай эл алдына уят болушту.
25.07.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Катыша берсин шайлоого, уруксат бере бербейби?
25.07.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уят эле. Кресло учун, байлык учун эмнелерди гана кылбайт. Соттор, прокурорлор эмне кылышты билбей калды окшойт.
25.07.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
*** соттор,элдин каргышы уруп кетет го силерди.Силердин күнүңөр да саналуу эле калды.Текебаевге боштондук,чыксын Текебаев.Мен негизи АШАны колдойт элем,ушундай *** былыткы саясаты үчүн 180 градус тескери башка эр жүрөк саясатчылар үчүн бурулдум.Менден башка да адамдар көп эле болсо керек Текебаев,Жапаров ж,б саясатчыларды колдогон.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-26 09:57:27
26.07.2017. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шылтоолору эле коп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: