super.kg logo

Өмүрбек Текебаев сотко: "Силердин жасап жаткан аракетиңер саясий буюртма экени көрүнүп турат"

 

Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов Текебаевди БШКга кыргыз тилинен сынактан өтүүсүн камсыздап берүүдөн баш тартканы үчүн сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү.

"Мен буга чейин 5 жолку Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгом. Конституцияда мамлекет адам укугу үчүн кызмат кылары жазылган. Менин өздүгүмдү эске алып, баш коргоо чарамды карап чыгуу керек. Керек болсо мендей адамдарды башка мамлекеттерде соттун чечими чыккычакты камабайт. Коомго коркунуч жаратпаган кылмышкер болбогонумдан кийин да баш коргоо чарамды карап чыгышыңар керек. Силер мени шайлоого катыштырбай койгонго аракет кылып жатасыңар. Атамбаев "мен аппараттын юристтери менен Текебаевдин шайлоого катыша алабы же жокпу анализдедим" деп айтты. Ал анализдеген жок "катыштырбаганга эмне кылам?" деди, юристтер катыша албастыгымды айтышыптыр. Менин шайлоого катышууга толук укугум бар, шайлоо объективдүү өтүүгө бийлик органдары, сот дагы көмөк көрсөтүшү керек. Силердин жасап жаткан аракетиңер саясий буюртма экени көрүнүп турат", - деди сотко Өмүрбек Текебаев.

Сот Айбек Эрнис уулу чечим чыгаруучу бөлмөгө барып келип, өзүнө көрсөтүлгөн ишенимди негизсиз деп таап, өтүнүчтү четке какты.

Соттук отурумда сот Леонид Маевский менен Алексей Модиндин тергөөдө берген көрсөтмөлөрүн окуду. Жумуш убактысы аяктаганына байланыштуу соттук отурум эртең саат 9:30да уланмай болду.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
25.07.2017. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Вапще Бет деген жок экенго бул сотто канча жолу ишнбочулук келтирседе ордунан козголбоду эртен атамбаевда кетет анан кантип жооп берет экенин ойлобойтго
25.07.2017. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Текени камаш кыйын. Буйруса теке жакын арада чыгат деп ишенем.
25.07.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
АША бул сот болумушту ала кетет өзү менен кошо.Эгерде ушул сот Кыргызстанда калды дегиче күнүнүн бүткөнү өзү камалат Текешанын ордуна.Элдин баары эле билип жатат Текени шайлоого катыштырбоонун эле бир амалы.Бул да болсо саясий буюртма.
25.07.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айбек Эрнис уулу убагында Ташиев менен Куловдун ишин караган сот кандай чечим кабыл алганын билесизго деп ойлойм.Элдин алдында уй було мучолоруно созунуз таасирдуу орундуу болушу учун сизде бир эле жол калды. Тируунун олугу болгон жашоо эч кимге кереги жок болсо керек.
25.07.2017. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эки доо согушса,ортосунда чымын олот деген ушу.Сотту жалко.Кийин Текебаев чыгып,президент ордунан кеткенден кийин сотту кандай жашоо кутоор экен.
Омурбек байке аман-эсен утуп кетсин.Келген президенттин баары эле жайына коюшпады
25.07.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сот айбек эртен аша кеткенден кийин коргулукту корот го арканды узун ташташ керек арканы ойло айбек мырза
26.07.2017. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айбек абайла АША сен дагы туура эмес жасап атасынар
26.07.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек мырза, келечегини ойло,бул дуйно кербен сарай бироо келет бироо кетет.Ушул боюнча барсан сен тарыхта жаман ат менен каласын.Бул дуйнодо жана акыретте да зыян тартасын. Бул дуйного эч ким туркук болгон эмес. Сен да АША да туркук боло албайсынар. Сен ишенген АША да кетет.Сени ал азыр буюм катары гана колдонуп атат. Сен керегин жок болгондо ыргытат. Эсине кел ойгон. Кечээги оз эрки менен кеткен айыптоочунун абийири намысы жол бербеди. Эл алдында жузум жарык болсун деп ишин тапшырып берди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: