super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Акыркы торпогун сатып, өрүк тиккен пенсионер эми жарым миллион сомго чейин киреше табат

 

Учурда көпчүлүк жашоо-тиричилигин шаарда улантууну каалап, айыл жергесинен кетүү үчүн бардык аракетин жумшайт. Айрымдары буга айылдагы жумушсуздукту себеп кылышса, кээ бири айылдын жашоосун жактырбай турганын айтышат. Чынында айылда жумуш орундары аз, болсо да жарыбаган айлыгы менен. Мындан улам тургундар өз арабасын түртүүгө мажбур. Бирок ыгын тапса айылда да жакшы каражат табуу мүмкүн. Бүгүнкү күндө Кыргыз жергебиз өзүнүн экологиялык таза азыктары менен белгилүү болуп келе жатат. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаган Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын тургуну 70 жаштагы Шаршемби Жүкешев 1 гектар үлүш жерине өрүк, алма өстүрүп, түшүмүнөн киреше табат.

Ал өрүк өстүрүү менен 8 жылдан бери алектенет. Айтымында, буга чейин буудай, арпа, чөп да айдап көргөн, бирок бири да өрүктөй киреше алып келген эмес.

"Алгач жерге буудай, арпа, чөп айдап көрдүк. Отоо басып, 1 гектардан 1 тонна ала албай калган, арпадан нан жеген күндөрүбүз болгон. Айылда карыя киши балдарына миңдей түп өрүк көчөтүн тигип салды. 3-4 жылдан кийин миллиондоп акча таап жатканын көрүп, акыркы торпогубузду сатып, көчөт алдык. Көчөттөрдү отургузгандан кийин 3 жыл өтүп түшүм ала баштадым. Жаман эмес, үй-бүлөмө жеткидей каражат табам. Түшүм ар кандай болот. Бирде 300-400 миң сомго чейин алчубуз, былтыр эле "мына эртең терем" деген күнү мөндүр талкалап кетти. Бир да үзүм албай калган дыйкандар болду. А мен болгону 60 миң сомго түшүм сата алдым. Быйыл, буюрса, аба ырайы жакшы. Түшүм жакшы болот деп ойлоп жатам", - дейт Жүкешев.

"Эгер аба ырайы жагымдуу болуп, жакшы эмгектенсең, кирешең 500 миң сомго чейин болот. Эмгектениш керек, эмгек баарын актайт. Жер эмгекти жебейт экен. Биринчи жылы 10-20 тоннага чейин алгам, азыр 5-10 тонна алам. Табияттын өзгөрүшү болот экен, быйыл жакшы гүлдөбөй калды, бирок ошону да неберелерим, кыздарым, күйөө балдарым болуп терип бүтө албай жатабыз. Мына бүгүн 4-5 киши жалдап келдим, чакасын 20 сомдон теришет", - деп кошумчалады ал.

Шаршемби Жүкешев түшүм бышкан маалда, өз убагында жыйнап калуу эң негизги маселе экенин, адам канчага чыкса да эмгектениши керек экенин баса белгилейт.

Жубайы Акин Жумаева окурмандар үчүн өрүк өстүрүүнүн сырлары менен бөлүшө кетти:

"Ар бир көчөттү отургузарда түбүндөгү топуракка кык аралаштыруу керек. Түбүнө таштап коюу жетиштүү эмес. Өрүк күндү жакшы көрөт, күзүндө арасына күн киргидей кылып бутайбыз. Октябрь айында сугарып, жерди тоңдуруп коёбуз. Жазында, март айларында муз эриген соң солдордун арасын казып тооктун, малдын кыгын салып, көмөбүз. Суу тийгенде сугарабыз. Өрүктүн тамыры жайылат, андыктан кыктагы азыктар суу менен жетет. Жаңы көчөттөрдү отоого бастырбай, жакшылап кароо зарыл. Өрүктөр бир сезондо 4-5 жолу сугарылат. Курттарга каршы атайын дары себилет".

Сатыктан арткан өрүктөн Акин Жумаева компот жаап, кыям, как жасайт.

"Биздин өрүктөрдү көп жылдан бери түрктөр алып кетишет. Жеке фирма ачып, өзүбүздүн азыктарды жасоо кыялыбыз болгону менен, ага атайын жабдуулар керек. Биз аларды иштеткенди билбейбиз, илгерки ыкма менен как жасап, кышка кам көрөбүз", - деп кошумчалады Жумаева.

Бул үй-бүлөнүн кирешеси көп эмес, бирок жетиштүү, жадакалса балдарына да жардамдашууга жетерин айтат Шаршемби Жүкешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
25.07.2017. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
7 8 жылдан бери, ооооооо аяш авалар 70 80 жылдан бери орук багышат неге алардан сурабайсынар?
25.07.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
almanbetperm,аяш авага асылбай отуп кетчи алыстан орукту бакпайт эгет акылдуу
25.07.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
сорту кургабай турган оруктонго жап-жашыл.
25.07.2017. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1 га эмес 1 сотых жер жок көп жерде
25.07.2017. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы кабар!Эмгекчилдердин иштерине ийгилик
25.07.2017. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Орусиялап журбой шаарга агыла бербей айыл жеринде деле бутка турсак болот урматтуу туугандар.
25.07.2017. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баткенде биздин туугандар орук сезондо жакшы табышат экен. Каптап орук как салып берет барсак соонун башкача кургаган кактар
25.07.2017. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин кыргызстан кудай берген жер биз озубуз кылбайбыз,окмотон жардам болсо баары кылмак,экспорт кылсак болмок.Россияда кочо шыпырбай иштемекпиз оз мекенибизде
26.07.2017. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул да бироого сабак болоор.
Baha.A түзөттү 2017-07-26 00:50:04
26.07.2017. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз ишинизге ийгилик дагы коп жашаныз, бактылуу карылык каалайм.
26.07.2017. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баткенге келгиле орук мн озум камсыз кылам орукко тойгозом))
26.07.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Burkut87, этика нормаларын сактаңыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: