super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орусиянын "РусГидро" компаниясы Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынында айтканы боюнча жооп берди

 

Орусиянын "РусГидро" компаниясы Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин 24-июль күнү Чолпон-Атадагы маалымат жыйында айтканы боюнча билдирүү таратты. Аталган ишкананын басма сөз кызматы тараткан маалыматта Кыргыз өнөктөштөрүнүн, президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары негизсиз экени айтылган.

"РусГидро" Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын токтотуу боюнча билдирүү тараткан эмес. Өкмөт аралык келишимди Кыргыз тарап бузган. Компания тарабынан долбоорду ишке ашырууга коротулган акча каражаты келишимге ылайык толук кайтарылууга тийиш. Буга чейинки сүйлөшүүлөр натыйжасыз болуп келди. Компания Кыргыз тарап менен карызды кайтаруунун жолдорун талкуулоого даяр", - деп айтылат "РусГидро" компаниясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Ошондой эле басма сөз кызматынын маалыматында, эгер Кыргыз тарап карызды кайтарбаса компания эл аралык арбитраждык териштирүүгө барары айтылат.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 24-июлдагы маалымат жыйыны учурунда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууда орусиялык “РусГидро” компаниясы менен келишимдин токтотулганы туура болгонун айткан. “Мен, Орусиянын президенти дагы Жогорку Нарын каскадын жана Камбар-Ата 1-ГЭСин компания курбай жатканына таң калды. Биз АКШны же Орусияны карабай Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын ойлошубуз керек”, - деп билдирген болчу Атамбаев.

“РусГидро” 2012-жылы Кыргыз Республикасында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууну пландаган. 2013-жылы курулуш иштери башталган болчу. Бирок 2016-жылдын башында Жогорку Кеңеш 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскаддарын куруу жөнүндөгү келишимди жокко чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
26.07.2017. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жон эле журбойсунорбу Путин аванын жинине тийбей эртен жанагы кечип жиберген миллиондогон долларды кайтар деп журбосун.
26.07.2017. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тилин тартып жөн жүрбөйт экен да.Президент деген өз ишин так билип,сүйлөй турган сөзүнө анализ жасап анан сүйлөсө.Эми залакасы тийбесе эле болгону өзүбүзнө.Жарыктык киши десе,пейили ушундай экен да эми тили менен БАЛП эттирип коюп.
26.07.2017. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ээ Аша дайым сүйлөгөн сөзү каша
28.07.2017. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустардын акчасы жетпей калган себеби акчаларын Сиридагы согушка жумшап коюшкан, экинчи себеп Европа олкалору Орусияга санкция киргизип кислороддорун бууп коюшкан, ушул себептер менен Орусия курулушту токтотууга мажбур болушканда. Анан Кыргыз тарап келишимди бузган дейт. Ойлоп корсонуздор, ким эле отказ кылсын ГЭС куруп берип жатса.
28.07.2017. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орус менен дос болсон айбалтанды ала жур деп ата бабалар бекеринен айтышпагындыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: