super.kg logo

АКШда унаа айдап баратып интернетте түз эфирге чыккан кыз жол кырсыгына кабылып, кансырап жаткан сиңдисин видеого тарткан

 
Обдулия Санчес

АКШнын Калифорния штатында үрөй учурган жол кырсыгы катталып, 14 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, окуя 21-июль күнү болгон. Анда унаа айдап баратып социалдык тармактагы түз эфирге чыккан 18 жаштагы кыз Обдулия Санчес кырсыкка кабылып, анын кесепетинен унаанын артында отурган 14 жаштагы сиңдиси Жаклин Санчес каза болгон.

"Унаада Жаклиндин курбусу да болгон. Ал катуу жаракат алып ооруканага жеткирилген. Кырсык толугу менен видеого тартылган. Катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа жолдон чыгып, талаадагы тикенектүү зымды сүзүп алган. Айдоочу кыз өзү унаанын коопсуздук курун тагынып отургандыктан катуу жаракат алган эмес. Ал эми арткы орундуктагы сиңдиси терезеден ыргып кетип, башы менен жерге түшкөн. Обдулия кырсыкка кабылгандан кийин да түз эфирди улантып, кансырап жаткан сиңдисинин башын кармап алып видеого тарткан. Ал түз эфир учурунда "мен өз сиңдимди өлтүрүп алдым. Билем, мен түрмөгө түшөм. Бирок мага баары бир. Мени кечир, сиңдим. Мен сени жакшы көрөм" деген", - деп жазышты чет элдик маалымат каражаттары.

Учурда Обдулия Санчес убактылуу кармоочу жайда. Ал эми анын үй-бүлөсү кичүү кызын жерге берүү үчүн социалдык тармактагы элден жардам сурап, каражат чогултуп жатканы айтылган.






Өз сиңдисин өлтүргөн 18 жаштагы кыз

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
26.07.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кызына машина алып берген ата-энеси, каза болгон кызын жерге берууго кантип каражат сурап журот экен уялышпай
26.07.2017. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jasagan ishin kara kyrsyk bolup atsa oshonu videogo tartyp sindisin,andan koro mashinany akyrynyrak aidap jolgo karabaiby ,mashinada eken tuz efirge chykpai le koiboibu
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: