Бишкектен "Манас" аэропортуна бараткан жолдо жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
Бишкектен "Манас" аэропортуна бараткан жолдо жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 24-июль күнү саат 20:00 чамасында болгон. Анда белгисиз айдоочу Бишкектен "Манас" аэропортуна бараткан жолдо 51 жаштагы К.Ю. аттуу жаранды унаасы менен сүзүп, белгисиз тарапка из жашырып кеткен.
"Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан качып кеткен айдоочу 37 жаштагы Б.Б. кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаа айып жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.