super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Канадада 145 баланын атасы 24 жылда 24 аял алганы үчүн соттолууда

 
Жеймс Олер, Уинстон Блэкмор
Уинстон Блэкмор аялдары менен
Уинстон Блэкмор

Канаданын Британдык Колумбия аймагынын Жогорку Соту Уинстон Блэкморду жана анын мурунку бажасы Жеймс Олерди көп аялдуулук боюнча соттоп жатат. Бул тууралуу Yahoo News басылмасы жазып чыкты.

61 жаштагы Блэкмор 1990-жылдан 2014-жылга чейин 24 аялга үйлөнүп, 145 балалуу болгон. Ал эми 53 жаштагы Олердин 5 аялы бар. Алар 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Азырынча сот чечимин угуза элек.

Маалыматка ылайык, экөө тең мормондордун (Иса пайгамбардын ыйык акыркы күндөрүнүн фундаменталдык чиркөөсү) епископтору болушкан. Соттолуучулар көп аялдуулуктун тарапташтары болгон Баунтифул уруусунда жашашкан. Урууда 1500 адам жашары маалым болду.

Блэкмор көп аялы бар экенин моюнуна алып, бардык аялдары менен чиркөөнүн эрежелерине ылайык нике кыйылганын айткан. Ошондуктан прокуратура 20 жыл бою ага каршы айып коё алган эмес. Көп аялдуулукка тыюу салуу - каалаган динди кармануу укугун бузуп коймок. 2011-жылы көп аялдуулуктун жыйынтыгы диний эркиндикти чектөөгө негиз болуп, соттун чечими менен тыюу салынган. Мындан улам 2014-жылы Олер менен Блэкморду сотко чакыртышкан.

Көп балалуу атанын жактоочусунун айтымында, соттолуучу күнөөлүү деп табылса, ал көп аялдуулукка тыюу салган нормага каршы чыгат.

"Аталган чиркөөнүн мурунку президенти Уоррен Жеффс жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөткөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылып, учурда Техаста жазасын өтөп жатканы маалым. Ошону менен бирге, ал азыркыга чейин уюмду башкарары айтылып келет", - деп жазылат басылманын маалыматында.

Чиркөө көп аялдуулуктан XIX кылымдын аягында баш тартса да, айрым мормончулар көп аял алууну токтотушкан эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
26.07.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Эркек экенсин мындай болсо кыргызстан тез кобойуп кетмекбиз
26.07.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
ар биринен 6дан бала экенда
26.07.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аравияга кет. Ал жакта сага медаль берет)
26.07.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Lekarstvosvoegomuja, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
26.07.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ошол балдардын баары өзүнүн каныдан жаралыппы? Ким кепилдик берет! Балдарды ДНК дан өткөрүп көрүшпөйбү? Балким ошончо баланын үчтөн бир бөлүгү өзүнүкү болсо керек. Баса канчоо кыз? Канчоо уул болду экен?☺
26.07.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ухуу аябай коп го ошол аялдарын балдарын норм караптырбы анан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: