super.kg logo

Өлкөдө дарыга туруктуу кургак учуктан жабыркагандардын саны өсүүдө

 

Өлкөдө дарыга туруктуу кургак учуктан жабыркагандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда өткөн "Кургак учукту көзөмөлдөө чөйрөсүндө инновациялык технологиялар" аттуу жыйында Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдулат Кадыров билдирди.

Анын айтымында, кургак учуктун мындай түрү туура эмес дарылануудан улам келип чыгып, ага чалдыккан адамдарга 20 айдан ашык убакыт организмге зыянын тийгизе турган 6 препараттын жардамы менен дарыланууга туура келет.

"Акыркы 3 жылда кургак учук илдетинен каза болгондордун, ага чалдыккандардын саны азайды. Бирок дарыга туруктуу кургак учуктун санында өсүү байкалууда. Мындай көрсөткүч биздин өлкөдө эле эмес, дүйнө жүзүндө дагы бар. Андыктан аны дарылоо мөөнөтүн кыскартуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуудабыз", - деди ал.

Тегерек столдо 2016-жылдын июль айынан бери Кыргыз өлкөсүндө "Кургак учук менен ооругандарды диагностикалоо жана дарылоону мониторингдөө үчүн биологиялык үлгүлөрдүн транспорттоосун ишке ашыруудагы инновациялык мамиле" долбоору ишке ашырылып жатканы айтылды. Маалыматка караганда, анын алкагында Сокулук районунда какырыктарды транспорттоо медициналык кызматкердин катышуусу жок жүзөгө ашырылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.07.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул тармакта иш алып баргандар силерге соз жок!!! Контакт болгон адамдарды бирда ойлоп койбойсунар озубуз барсакда,бир прафилактика жургузуп койбойсунар жугуштуу болуп атсада, коркунучтуу
26.07.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Дарыга туруктуу кургак учук" деген кандай?Мм...
26.07.2017. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дарыга туруктуусу кобойдуу жеее лобараторияда иштегендер туруктуу чыгарып таштап жатат бир болсооо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: