super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берүү убактылуу токтотулат

 

Эртең, 21-майда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги “ХБО” суу берүү объектисине суу берүүчү 548–ТП трансформаторуна муздак суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Бишкексууканал” башкармалыгы билдирет. Сууну токтотуунун себеби Чүй суу берүү ишканасына жогорку вольттуу аба чубалгыларын тартуу жана “Атабаев” станциясында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу болмокчу. Маалыматка ылайык, Шабдан баатыр, Горький, Достоевский көчөлөрүндө, №99-кесиптик лицейде, “Нур” , “Алёша”, “Бишкек Нан”, “Айнур”, “ДСМ” ишканаларында, “Инхотек” ЖЧКсында “Ак Марал Дизайн Сервис” корпорациясында, Транспорт башкармалыгында, Бишкек авто учкомбинатында, Кыргыз АвтоВАЗда, “Дасмия” ресторанында, “Автобыт сервис”, “Кти Агромаш”, “Электротехник”, “Медиафарм” ишканаларында, Саламаттыкты сактоо департаментинин автобазасында, “Мегамедиа” басмаканасында, Эсептөө техникасы жана автоматизация каражаттарында, “Айдан-фарм” ЖАКсында муздак суунун берилиши токтотулат. “Бишкексууканал” башкармалыгы келтирилген оңтойсуздуктар үчүн кечирим сурап, таза суунун тиешелүү көлөмүн алдын ала камсыздоону эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: