Кыргызда "акты сатпайт" деген түшүнүк кантип жоюлуп, кымыз бизнеске айланды? Суусамыр жайлоосундагы кардарларга сунушталган кызматтар












Ата-бабаларыбыз "акты сатпайт" деп, кымыз менен сүт, айранды сатышкан эмес экен. Чындыгында жайлоону жайы бою ээлеп жаткан малчылар жолоочуларды кымызга тойгузмайын кетиришчү эмес. Ал эми азыр дал ушул сүт, айран менен кымызды сатып акча табуу - жаз-жай мезгилиндеги негизги бизнестердин бири экенин тана албайбыз. Илгеркидей бир отурганда бир чанач кымызды ичип салган көрүнүш азыр жок.
Суусамырда жерге көк чыккандан тарта бээ байлап, үйлөр тигиле баштайт. Бул аптаптуу жай бою кардарларга ар түрдүү кызмат көрсөтүүгө кызуу даярдык. Суусамырдагы малчылар туристтерге жана эс алуучуларга кандай кызматтарды көрсөтүшөрүн айтып беришти.
Жазындагы көк чөп бышып кеткен жайкы чөпкө караганда алда канча пайдалуу. Ошол себептен күндүн суук экенине карабай, кымыздын кадырын билгендер жаз алды менен кымыз ичүүгө жайлоого чыгышат. Бул учур май айына туура келет. Жаш чөптөн оттогон бээлер берген кымыздын ички органдарга пайдалуулугу көп. Таң эрте саамал сүттү жылуулай ичип, мындай процедура күнүнө үч маал кайталанат. Сабада ачытылган кымыздын да пайдасы натыйжалуу. Жазгы кымыздын 1 литринин баасы жеринен 100-110 сомдон сатылып алынат. Бара-бара жай мезгилинин аягында 80-70 сомго түшөт. Суусамырдагы жылкычы-малчылардын кардарлары Ош-Бишкек жолу аркылуу өткөн жүргүнчүлөр. Жергиликтүү соодагерлердин айтымында бир сезондо кымыз, курут, айран, сүт жана бал саткан каражаттан көңүл толорлук эле үй-бүлөлүк бюджет камдап койсо болот.
Мисалы, Даник Жолдошалиев аттуу жылкычы бээлерин жөн эле туш келди көбөйтө бербейт. 15 бээ жана 1 айгырдан турган үйүрү асыл тукум жылкылардан куралган. Асыл тукумдагы айгырын мындан бир нече жыл мурун атайылап сатып алган. Эми анын тукумун алуу үчүн 3 жылдап кезекке туруп, акчасын алдын ала берип койгон кардарлары бар. Ал кымыз саткандан жана тейлеген кардарлардан түшкөн каражат студент жана окуучу кыздарын окутууга, той-аштарга кошумчага, ошондой эле кийинки жылга кенен жеткидей киреше болуп каларын жашырган жок.
"Ар түрдүү кардарлар келет" дейт Малина Бөкөмбаева. "Жаш малдын этинен куурдак жасап бергиле, мындай-тигиндей жейбиз деген түрдүү кардарлар келет. Балык, бал таап келип бергиле деген чыргоо кардарлар болот. Кызматтын ичине камтылбаган болсо да буйрукту аткарып, таап беребиз, айткандарын кылабыз", - дейт ал. Бөкөмбаевдердин үй-бүлөсү 1 ак өргөнү атайын меймандар үчүн тигип, ичин кыргызча жасалга менен жасап коюшкан. Жайлоонун жашоосуна мүнөздүү бардык кызматтар көрсөтүлөт. Кымыз, саамал бээнин сүтү, айран, сүт, каймак, сары май, курут, кошкон май, чөбөгө сыяктуу азыктар турулуу нерсе. Мындан сырткары ат минүү, балык уулоо, тоого чыгып эс алуу сыяктуу кызматтар бар. Боз үйдүн ичинде түнөп көнбөгөн кардарлар үчүн үй сыяктуу жасалган вагондор орнотулган.
"Биздин багыбызга бир жумадан бери күн ачык, жамгыр жааган жок" деп кубанды Чүйдөн келген эс алуучулардын бири. "Пейилибизге жараша ырас күн ачык болуп жатат. Адатта Суусамыр жергеси суук, жаан-чачындуу келет. Бүгүн 7-күнүбүз. 10 күнгө эс алууну пландап келгенбиз. Неберелеримдин бетине кызыл жүгүрүп, жайлоонун балдарына окшошуп калышты. Көзүм тоюп, өзүм да сүйүнүп отурам. Шарттар жакшы, ойдогудай тейлеп жатышат", - дейт эс алуучу, жашы 50лөрдөн ашып калган кардар. Ал ушул 10 күнгө бардык чыгымды кошкондо 10 000дей сом корогонун кошумчалады... Жаман эмес.
Мынакей окурман, "жатканга жаан жукпайт" демекчи, "алма быш оозума түш" деп жата бербей, кыймылдагандын арабасы жүрүп турган заман ушул. Келечекте бизнестин бул жолун өнүктүрүүнүн кандай ыкмалары башыңызда бышып жүрөт? Ишке ашырууга кезек келип жетти.





1 |