super.kg logo

Ошто баласын 50 миң сомго сатып жиберген аял изделүүдө

 

Ошто жаңы төрөлгөн ымыркайын 50 миң сомго сатып жиберген аял изделип жатканын ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун 38 жаштагы тургуну май айынын башында өз баласын 50 миң сомго бирөөгө саткан.  

 

“Аял баласын сатып алуучу кардар менен төрөт үйүнөн эле сүйлөшүп койгон. Төрөтканадан чыккандан кийин ал акчаны алып, баласын берген. Сатып алуучу болсо Ош облусунун 49 жаштагы тургуну болгон”,- деп билдирет ИИМ.  

 

Келишим түзүүгө чейин ымыркайдын энеси дагы башка 2 адамга баласын сатууну убада кылып, алардын биринен 9 миң, биринен 30 миң сом акча алгандыгы да белгилүү болду. Учурда кылмышка шектүү аялдын кайсы жерде жашап жатканы белгисиз. Ал төрөтканадан чыгары менен изин жашырган. Ошондой эле анын 6 баласы бар экендиги белгилүү. Аталган факт боюнча Кара-Суу РИИБи тарабынан “алдамчылык” жана “адам сатуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүүнү табуу үчүн ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: