super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 26-ИЮЛЬ: Англиялык актёр Жейсон Стэтхем 50 жашка толду

 
Актёр жубайы Роузи менен

Англиянын белгилүү актёру Жейсон Стэтхем 1967-жылы 26-июлда Шайрбрук шаарында туулган. Анын атасы боксчу болгондуктан уулун да спортко жакын кылып өстүргөн. 1990-жылдары спортчулар менен иштешип жүргөн жарнама агенттигинин кызматкери Жейсонду байкап, “Tommy Hilfiger" компаниясынын жарнамасына тартылууну сунуштаган. Макулдук берген Стэтхемдин карьерасы дал ушул жарнамадан соң башталган. Андан кийин Гай Ричинин “Карта, акча жана 2 замбирек” деген тасмасына тартылып, дебюттук ролун аткарган.

2002-жылы жарыкка чыккан “Ташуучу” (“Перевозчик”) тасмасы актёрго атактуулукту гана эмес, жетиштүү киреше да алып келген. Аталган тасмадан алган гонарары миллион долларды чапчыса, кийинки жылдары чыккан тасманын уландысынан андан да көп каражат тапкан. Ошондой эле “Форсаж 6-7-8” тасмаларындагы Деккард Шоунун образын да мыкты ачып берген.

Жейсон Стэтхем 2010-жылдан тарта Роузи Уайтли аттуу фотомодель менен мамиле куруп, былтыр никелешкенин жарыялашкан. Түгөйлөр ушул жылдын февраль айында Жек Оскар Стэтхем аттуу уулдуу болушкан.

26-июлдун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
26.07.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дүйнөдөгү эң күчтүү актёрлордун бири, Жейсон катышкан кинолорду калтырбай көрөм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: