super.kg logo

ӨКМ: "Кызы менен аялына "мен кеттим" деп SMS билдирүү жазып, дайынсыз болуп кеткен тургун табылган жок"

 

Кызы менен аялына "мен кеттим" деп SMS билдирүү жазып, дайынсыз болуп кеткен тургун табылбай калды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Токтобек Шонкоев билдирди.

"Кызы менен аялына sms билдирүү жазып, дайынсыз болуп кеткен тургунду издөө иштери токтотулган. Эгерде ал сууга түшүп кеткен болсо башка жакка агып кетиши мүмкүн деп болжолдоп жатабыз. Туугандары да аны издөөнү токтотушкан. Бүгүнкү күндө Нарын дарыясында суунун көлөмү абдан көп болуп жатат. Дарыяга жакын жашаган жергиликтүү тургундарды сак болууга чакырат элем", - деди Шонкоев.

Эске салсак, буга чейин Нарын шаарынын А.Т. аттуу тургуну дайынсыз жоголуп, ӨКМнын Нарын шаарындагы куткаруучулары жана анын жакын туугандары тарабынан изделип жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: