super.kg logo

Динара Акулова: "Маликаны чыгармачылыкка аралаштырбай эле койсом болмок деп калдым"

 

Саналуу мүнөттөрдөн соң Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Динара Акулованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып сизди кызыктырган суроолорго жооп алсаңыз болот. Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып калтырсаңыз болот.

Оригиналдуу суроо жөнөткөн окурмандарга белектер ыйгарылат. Белгилей кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор конокко узатылбайт.

15:00. Ырчы түз эфирдеги маегине кечигүүдө.

15:36. Динара Акулова SUPER.KG порталынын кеңсесине келди. Анын түз эфириндеги маеги башталды.

15:42. Ырчы небересин карап жатып кечигип келгенин айтты.

15:47. Ырчы сахнага алгачкы жолу качан чыкканын, андагы сезимдерин айтып берип жатат.

15:48. Ырчы неберелеринин эң улуусу 1-класста окуй турганын айтып жатып көзүнө жаш алды. Акыркы учурда болгон окуядан улам кызы Маликаны "чыгармачылыкка аралаштырбай эле койсом болмок деп ойлоп кетем" деди.

15:50. "Ар бир ата-эне балдарын жакшы болсо экен деп тилек кылат. Кыздарымды жалгыз чоңойтконум үчүн өксүп калбасын деп, эч нерседен кемитпей чоңойтконго аракет кылдым. Калган ыйман-ынсап, акыл-эсти Кудайым өзү берсин", - дейт ырчы.

16:00. Суроо: Бир күндө канча тойго барасыз? "Ставкаңыз" канча?

"Той ээлеринин шарттары, социалдык абалдары ар кандай. Андыктан сүйлөшүп алып ар кандай суммадагы акчага ырдап берем".

16:02. "Сен чын эле Абдумаликти сүйдүң беле?" - деп суроо берип, сүйүүсүн билдирген окурманга ырчы төмөндөгүчө жооп берди:

"Абдумалик экөөбүз элдин алдына кош жылдыз болуп чыгып, өнөрүбүздү тартуулап жүрдүк. Кыздуу болдук, неберелеримди жыттап бактылуу болуп отурабыз. Бара-бара тил табыша албай, бирге боло албай калдык. Каякта жүрсө дагы бактылуу болсун".

16:07. Суроо: Малика Дубайдан келгенде аны суракка алышты. Ошол учурда моралдык жана материалдык жактан жардам бергендер болдубу?

"Эч бир инсандын башына кыйынчылык келбесин. Ошол учурда моралдык жана материалдык жардам берген эч ким болгон жок. Достор жамандык менен жакшылыкта билинет дешет, айланам бир топ иргелип, бир эле досум калды. Бардык балдар ата-энелери менен бирге бактылуу болсун".

16:10. Суроо: Анжелика менен Айчүрөк Иманалиеванын талашына ак же көк деген жоксуз? Анжеликанын апасы сизди жамандайт дешет, ошол чынбы?

"Анжеликанын апасы менен дагы, Айчүрөк менен дагы жакшы мамиледемин. Эки ырчы сырларын ичине катып, элдерди аралаштырбай эле маселени ордуна коюшса болмок. Алар үчүн көптөгөн күйөрмандарынан кечирим сурайм. Экөөнүн эне-баладай болуп, жакшы мамиледе калышын каалайм", - дейт ырчы.

16:13. Суроо. Маликага карата кылмыш иши токтогонун билебиз. Бирок ошол убакта Маликанын жанында жүрүп, башын айлантып, отургузуп кеткен дос болумуш эткен алдамчыларга сиздер тараптан кандай чара көрүлүүдө?

"Чынында эле кызым менен дос болумуш болуп жүргөндөр чет өлкөгө качып кетишти. Аларга чара көрүлөт. Бир гана Кыргыз өлкөсү эмес, дүйнө жүзү боюнча издөө салынды. Маликанын бул жерде күнөөсү жок экендиги аныкталып, иши жабылды. Малика учурда чет жерде".

16:18. Суроо: Эркек балалуу болсом деп ойлонгон эмес белеңиз?

"Үйдө эркек баланын орду башка, кыздыкы башка. Мен эркек бала багып алуу үчүн 5-6 жыл издедим. Багып алуу татаал экен, өзүнүн талаптары болот экен. Бир жолу өзүмдүн бир тууганым "башка жактардан бала издебей, өзүңдүн кыздарың төрөсө бирөөнү алып бакпайсыңбы" деп калды. Ошол эле жылы Юсуф аттуу неберелүү болдук. Аны атасы да, апасы да берчүдөй эмес. Бирок баары бир ал меники", - дейт ырчы.

16:25. Ырчынын "Ай кызым" ырынын клиби көрсөтүлүп жатат.

16:30. Ырчы алпаруучулар дайындаган логикалык суроолорго жооп берүүдө.

16:44. Суроо: Шайыр Касымалиева экөөңүздөрдүн тагдырыңыздар окшошуп кетет. Учурда мамилеңиздер кандай? Абдумалик байке менен өмүр сүрүп эмне таап, эмне жоготтуңуз?

"Мен Шайырга дайыма ак жол, бакыт каалайм. Жердеш катары дагы аябай урматтап, сыйлайм. Шайыр менен Абдумалик ажырашып кеткенден бир топ убакыттан кийин гана кайненем жолдошум менен тааныштырып, колумду сурап келишкен. Бир атадан Шайырда бир кыз, менде бир кыз бар. Бир жакшылыкта Шайыр экөөбүз жолугуп калып: "Мээрим менен Малика бири-бирине куюп койгондой окшош экен. Бир ата, бир энеден жаралгандай. Экөөнүн эже-сиңди болуп жүрүшүнө кандай дейсиз?" деп сурады. Мага бул сунушу жакты, макул болдум. Экөө азыркыга чейин жакын мамиледе. Абдумалик жөнүндө эч кандай жаман нерсе айта албайм. Кайсы жакта жүрсө аман болсун, бактылуу болсун".

16:55. Суроо: Эгерде кайрадан дүйнөгө жаралсаңыз эмнелерди өзгөртмөк элеңиз?

"Мектептен баштап ушул күнгө чейин бардык нерсени өзгөртөт элем".

17:03. Ырчы гвоздика гүлүн чыйраактыгы үчүн жакшы көрөрүн айтып, айымдарды күчтүү болууга чакырды.

17:05. Динара Акулованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги жыйынтыкталды.


кошулду





Д.Акулова: "Маликаны чыгармачылыкка аралаштырганыма өкүнөм"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(35)
26.07.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
келип калаар...
26.07.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Алдын ала эскертилгенда кичине жоопкерчиликтуу болуш керекда эрте чыгып келсе эч жери кемип кетпейтго уят атактуу адамдарга.
26.07.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Alixan-Nookat.2015,атайын кечигип жаткан эместир акылдуу болуп кетесинер да сен билбеген иши чыгып калгандыр
26.07.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gukush8993,Мен акылдуу болбой эле бул туз эфир тууралуу алдын ала макулдашатда бугун келин туз эфирге деп эле айта койгон жокда булда ошол кунго пландарын жыйыштырып убагында келиш керекда. Жогоруда айткандай бул кыргызда салт болуп калган салт.
26.07.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келип калаар куто туралы бир аз
26.07.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул кыргыздын салты
26.07.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каяктан көрсө болот түз эфирди интернеттен
26.07.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ali.na9595, ушул жерден, эфир башталаар менен тиркелет видео.
26.07.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Динара айым 1995-жылдары Кыргызстандын аймактарын аралап билет ордуна эки килограммдан буудайга концерт коюп ырдаганыныз чынбы?
26.07.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
briliant87,ооба чын Абдумалик экоо биздин айылга да келишкен эжекелерим менен мен да баргам бир пакет семичке салып алып кийин абдумалик клара менен келген уч литр растительное масло менен киргенбиз
26.07.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздин биринчи жолдошунуз Талды-Суулук болгону чынбы? Кызыныз Мээрим атасы менен катышып турабы?
26.07.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сизди Гульмира менен жаман жакшы айтышканынзды деле уккан эмес элек. Эмнеге Гульмиранын свадьбасына келген жоксуз? 2) мурунку "Динара" тобундагы жакшынакай балдар бар эле арканызда гитара, ямаха чертип турган))) ошолор менен казыр мамилениз кандай?
SUPER.KG видео
26.07.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Dinara eje salamatsyzby? Sizdi ui buloobuz menen abdan syilaibyz. Men sizdin sindilerinizden bolup kalam debeiynbi? Sizdi kyrgyzdyn primaddonasy dep esepteim. Yrlarynyzdy baaryn jakshy korom. Ununuzgo bereke. Kyrgyz eli syimyktangan ejeleribizdensiz. Ui bulooluk bakyt.
26.07.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
men Dinara ejege cyroom dele jok. bolgony ak tilekterim aitup ketein dedim ele. den soolykta bolynyz. omyrynyz yzyn jana bajtulyy bolynyz. bala chakanuz menen daiuma jakshuluktun ystyndo jyrynyz
26.07.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул жонокойлугунуз абдан жагат да. Кудай колдоп Кыздарыныздын неберелериниздин жакшылыктарын эле корунуз..
26.07.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Динара эже саламатсыз!сиз мага 2008-жылдан бир кол тамга карызсыз,Атамбаев,Текебаевдердин митингине келип ырдап кетип баратканда кагаз таппай калганбыз,ошону качан бересиз))?андан бери 3 балалуу болдум...
26.07.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Динара эже, саламатсызбы? Ишиңизге ийгилик болсун! Ушуну абдан билгим келет. Эгер эсиңизде болсо 1995-жылы сентябрь айында Жумгал жергесине гастролдоп баргансызбы? "Акулова концерт коюп келип ошол адамдай болсун деп атыңды койгонбуз" деп калышат?
Медиа-портал
26.07.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Динара эже саламтсызбы? Ырчы эле эмес актриса да деп юилем сизди ырыс Жоомартова менен курбусуздарды. Кененирээк айтсаныз? Кызыныз ажырашыптыр деп кеп уктук чын тогунун айтып берсениз?.... чыгармачылык ийгтлик сизге...
26.07.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Динара эже, сиз эмоцияналдуу адам экенсиз эми көзүӊүзгө жаш алганда эне катары сизди түшүнүп жүрөгүм менен колдоп, сизди кучактагым келди. Баары жакшы болот. Сиз күчтүү болгон үчүн ушул ийгиликти жаратып, атыӊызды алыска чыгарып КРнын сыймыгысыз.
26.07.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы адамдардын башында сыноо көп болот деп коет. Сиздин ыйлаганыңызды көрүп жаман болдук. Бул ишти бүтүрүш үчүн көп суммадагы акча бериптирсиз. Эмнеге сиз мойнуңузга алдыңыз? Маликанын ошондо жанында жүргөн достору деле акча берип, чыгарып кетүүгө жардам берсе болбойт беле?
26.07.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсызбы? Биз да синдимдин атын сиздин атыныздан койгонбуз, себеби ал торолоордо сиз айылга концерт коюп барган элениз, кийин ал мектепке барганда билсек классында 4 Динара бар экен. Ошондо сизге Лилия гул берип аябай суйунгон элем. Ден соолук каалайм! Неберелериниздин урмат сыйын корунуз!!!
Razzak.kg түзөттү 2017-07-26 16:19:35
26.07.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына алпаруучулар, ойду- тоону тантырай бербей , жакшына суроо берсенер. Форумчулардын суроолорунчада жок. Даярданып, создорду жаттап алатда.
26.07.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алпаруучулар Максат, Нуржан кунт коюп суроону окусаӊар. Силерди коногуӊар оӊдоп жатат.
26.07.2017. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Динара эжеке сизди абдан сыйлаймын, сизге чыгармачылык ийгилик каалайм бар болунуз.
Медиа-портал
26.07.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Динара эже кандайсыз Москвага качан концерт койуп келесиз
26.07.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Динара эжэ уйбулонуздо тынчылык бейпилдик болсун. Ардайым денсоолукта болунуз.
Неболду буттубу майек???кечигип калыптырмынго)))
stimyl.kg түзөттү 2017-07-26 17:16:20
26.07.2017. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Epke, Mumu1986, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
26.07.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
super.kg Эмне учун Атамбаевге берген суроосу учун кызматкеринерди жумуштан алдыныздар? [moderated]дай болобуз деп коркуп кеттинерби? Ал берген суроодо эч кандай коркунуч жокко деп ойлойм.
26.07.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Да коп суулар агыптыр
Медиа-портал
26.07.2017. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Dinara eje ayabai kuchtuu pozitivduu, s hair ekensiz:) sizge den sooluk ui bulonguzgo tynchtyk jalang jakshylyktardy kaalaim
27.07.2017. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин жолдошун телевидениеде иштейт. Динара Эжени аябай мактап калганын уктум эле. Ырчылардын арасынан Ото жонокойу деп, шайыр эже, кулуп эле журо берет деп. Эже бар болунуз, Аман болунуз. Ар дайым жаркылдап журо бериниз!
27.07.2017. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эжени мен да аял катары эне катары аябай баалайм.Бар болунуз кыздарыныздын кызматын неберелериниздин жакшылыгын коруп журо берин.
27.07.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Супер инфо! Майсалбек Бокоев ден дагы интервью алыныздарчы? Сураныч.
28.07.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zarijun, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
SUPER.KG видео
04.08.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен сизди суйом Динара эже бар болунуз аман болунуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: