super.kg logo

"Замандаш" партиясы Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер катары колдойт

 

Бүгүн, 26-июлда "Замандаш" партиясы республикалык конференция өткөрүп, анда алдыдагы шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлигин колдой турганын билдирди.

Ɵз сөзүндө "Замандаш" партиясынын тең төрагасы Жеңиш Молдокматов Кыргызстанда алгачкы жолу реалдуу альтернативдик негизде өлкө башчысы шайланганы жатканын айтты. "Өлкөгө коомдогу туруктуулукту сактап, улантуучу, Апрель революциясынан кийин багытын тастыктап, экономикалык өнүгүүгө жетишүү үчүн мамлекеттеги бардык саясий жана коомдук күчтөрдү бириктире алган адам керек болуп турат", - деди ал.

Ошондой эле Ж.Молдокматов «Замандаш» партиясынын 22-июлдагы саясий кеңешинин жыйынында алдыдагы шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоо чечими кабыл алынганын белгилеп өттү.

Мындан сырткары, Жеңиш Молдокматов учурдагы өкмөттүн башчысы Сооронбай Жээнбеков талапкерлердин ичинен эң эле ылайыктуусу экенин билдирди.

Республиканын конференциянын соңунда партиянын саясий кеңешинин чечими 102 делегаттын кароосуна коюп, делегаттардын баары бир добуштан колдоого алышты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: