super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Жубайы үйдө жок болсо эркектер кандай тамактарды жасай алышат?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жигиттер, кандай тамак жасаганды билесиңер?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы автор мындай суроо салган: "Жигиттер, аялыңар менен таарынышып, аялыңар төркүнүнө кетип калды дейли. Силер 7 жашар балаңар менен үйдөсүңөр, ал ачка болду. Эмне тамак жасап бермексиңер?"

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Чынын айтсам, манты, оромо жасай албайм, калганын катыра жасайм. Орусия төрөгөндү эле үйрөтпөйт экен".

"Кудай андай күндү көрсөтпөсүн. Турмушта бардык нерсе болушу мүмкүн. Ашпоздукту жакшы эле эптейм. Буламык жасап берем да. Күрүчтөн буламык даярдоо үчүн: күрүчтү сууга кайнатып, бышырып алам. Анан бышкан күрүчкө сүттөн куюп, кичине кайнатсам, даяр болот. Үстүнө сары майдан эле салып коём".

"Кыскасы камыр-самыр да жасайм, боорсок бышырам, плов басам, бир эле манты жасай албайм. Аны жасагым да келбейт. Бирок аракет кылсам колумдан келчүдөй".

"Бардык тамакты жасайм. Манты, оромо, лагманды да чоюп коём. Эң сонун жасаган тамагым: тандырга нан бышып бүткөндөн кийин жаңы фарель балыгын союп, туздап, гезитти былчылдатып суу кылып, балыкты ороп тандырдагы чокко салып коёт. Гезит кургаганда чыгарыш керек. Оо, керемет го даамы, керемет. Жаш балдарга буламык да бышырып жиберем".

"Баарын эле жасай берем азырынча, бирок үйлөнгөндөн кийин автоматтык түрдө унутуп калбасам эле деп турам".

"Тамак жасаган эркектерге көзүм күйөт, эй. Биздин атабыз такыр жасабайт, жасамак турсун ашканага баш бакпайт. Үйдө жок болсом мени күтүп, ачка отура берет же көчөдөн тамактанып алат. Анан ал ачка калбасын деп үйгө шашам же ага тамак даярдап коюп анан кетем. "Тамак жасаганды билем" дейт, бирок такыр жасабайт, тобо".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
26.07.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бардык нерсе колумдан келет , тамак бышырыш эле эмес , маркум Атам дайыма айтчу : Сен бирөөнүн колун караба , сенин колуңу бирөө карабасын деп.Эркекпи , аялбы көз каранды болбош керек.
26.07.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарыңар анте койом,мынте койом дейсиңер,убак сааты келгенде эч нерсе кыла албайсыңар.бир күн жаса ана эки күн жаса кийин попробуй мойун жар берсе.
26.07.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишендим,жазылгандарга.Россияда мырзаларыбыздын кобу повар,сушист.Болгону аялдары бар учун жазашпайт да,мындай колдорунан келет.
26.07.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да мактанып койбойунбухихи,Россияга келип повар болуп калам деп уч уктаса тушумо кирбептир манты ,оромодон башка баардыгын жасай берем,грузиянын тамактарын,турктордукун,узбектердикин деги койчу хачапури ,салаттын турлорун орустун солянка бул борщ сорш эч нерсе калбайт ,уйго барганда катын кылган боткону деле жей берем бирок ашканага баш бакпайм
26.07.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын мен кетип калсам жолдошум аябай кыйналса керек кайнатма шорпону эле билет анан да кече кочодон сатып жейт да башка айласы жок
27.07.2017. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы ким эмне жасаганды билет?!!
27.07.2017. 05:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде да онор куч, айла кетсе кукси даярдаганды билем, куксини кантип 5-10 минутта даярдоону...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: